КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 27-октябрындагы №259
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн 2010-жылдын түшүмүнөн азык-түлүк буудайынын белгиленген өлчөмүн мамлекеттик резервге коюусун камсыз кылуу жана мамлекеттик резервден бөлүнгөн дизель отунун өз убагында алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы №122 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйноо боюнча айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункттун үчүнчү абзацындагы «1-тиркемеге ылайык» деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 156 «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы «тиркемеге ылайык» деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 «2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана аларды дизель отуну менен камсыз кылуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун төртүнчү абзацы «ушул токтомдун тиркемесинде аталган өлчөмдө» деген сөздөрдөн кийин «жана ушул токтомдун 4-пунктунда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине» деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар дизель отунун алуудан расмий түрдө баш тарткан учурда брондон чыгарылган дизель отунун айылдык товар өндүрүүчүлөр ортосунда ачык-айын бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.»;
- 5-пункт «жеке жоопкерчилик» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине жана» деген сөздөр менен толукталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |