Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 28-октябры №260

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарын көбөйтүү жөнүндө

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин кызматкерлеринин кызматтык маяналары 2010-жылдын 1-ноябрынан баштап 80 процентке көбөйтүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды тапсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева