Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 5-ноябрындагы №265
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 218-беренесинин жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобо төмөнкүдөй мазмундагы 2.1-пункт менен толукталсын:
«2.1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жылдык жалпы кирешеден чегерүүлөрдүн суммасын камсыздандыруучу резервдик фонддорго ушул Жободо белгиленген нормативдерге ылайык эсептен чыгарууга укуктуу.».
2. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобонун 2.1-пункту Кыргыз Республикасынын Салык кодекси күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирээри белгиленсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |