Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №500 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №265, 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
2. Камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин түзүмү
3. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн
нормативдерин эсептөөнүн методикасына коюлуучу жалпы та-
лаптар
4. Өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу Иштеп та-
былбаган сый акылардын резерви (ИТСАР)
5. Өмүрдү камсыздандыруу
6. Камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайрадан кам-
сыздандыруучунун үлүшү
7. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн
нормативдерин эсептөө жөнүндө отчеттун формасы жана
берүүнүн мөөнөттөрү
8. Корутунду жоболор
Тиркеме. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыз-
дандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн норма-
тивдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобого
Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык иштелип чыккан жана камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин түзүмүн, камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартибин аныктайт.
1. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
актуарий - ыйгарым укуктуу органдын лицензиясынын негизинде камсыздандыруу жана кайрадан камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттенмелердин, камсыздандыруу сый акыларынын ставкаларынын өлчөмдөрүн экономикалык-математикалык эсептөөнү жүргүзүү менен байланышкан ишти жүргүзгөн, ошондой эле камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунда жүргүзүлүп жаткан жана пландалган камсыздандыруу түрлөрүнүн кирешесин жана пайдасын камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун төлөө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун зарыл болгон деңгээлде камсыз кылуу максатында баалоо жүргүзгөн жеке жак;
базалык камсыздандыруу сый акысы - камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдерин түзүү боюнча ортомчулук кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн эсептелген комиссиялык сыйлыкты алып салганда, камсыздандыруу сый акысынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктардын (чегерүүлөрдүн) 15 процентинен ашпаган өлчөмдөгү камсыздандыруу сый акысы;
эсептөө датасы - камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдү эсептөө жүргүзүлүүчү дата;
иштен табылбаган камсыздандыруу сый акысы - келишимди колдонууда отчеттук мезгилдин чегинен чыккан мезгилге тиешелүү болгон келишим боюнча эсептелген камсыздандыруу сый акысынын (төгүмдөрүнүн) бир бөлүгү, ал келээрки отчеттук мезгилде пайда болушу мүмкүн болгон алдыдагы төлөмдөрдү камсыздоо боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналат;
нетто-сый акы (мөөнөтүн жылдырып төлөөдөгү нетто-төгүмдөр) - актуарий тарабынан бааланган акчанын суммасы, ал камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун башка чыгымдарын тындырууну кошпогондо, камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү боюнча гана милдеттенмелерди алгандыгы үчүн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмуна төлөнүүгө тийиш;
жөнгө салынбаган доомат - камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлбөгөн же толук эмес өлчөмдө жүргүзүлгөн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимине ылайык камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү боюнча камсыздандыруу уюмуна берилген талап;
келтирилген күтүлүүчү нарк - камсыздандыруу сый акыларынын (төгүмдөрүнүн) же камсыздандыруу төлөмдөрүнүн, чыгымдардын күтүлгөн (ыктымалдуу) наркы, ал эсептешүү күнү менен камсыздандыруу сый акысынын (төгүмдөрүнүн) түшкөн күнүнүн же камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү күнүнүн ортосундагы мезгилди эске алуу менен эсептелет;
билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви - камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү боюнча камсыздандыруучунун отчеттук күнгө карата аткарылбаган же толук эмес аткарылган милдеттенмелерин баалоо, бул милдеттенмелерге отчеттук же ага чейинки мезгилде мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте камсыздандыруучуга билдирилген камсыздандыруу окуяларынын айынан пайда болгон камсыздандыруучунун мүлктүк кызыкчылыктарына келтирилген зыяндын (залалдын) өлчөмүн баалоо жана аны төмөндөтүү менен байланышкан эксперттик, консультациялык же башка кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөө үчүн камсыздандыруучуга зарыл болгон акча каражаттарынын суммасы да кирет;
болуп өткөн, бирок билдирилбеген чыгымдардын резерви - отчеттук же ага чейинки мезгилде мыйзамда же келишимде белгиленген тартипте камсыздандыруучуга билдирилбеген камсыздандыруу окуяларынын айынан пайда болгон зыяндарды жөнгө салуу боюнча чыгымдарды кошкондо, камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү боюнча милдеттенмелерин баалоо;
камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү - камсыздандыруу уюму-цеденттин активи, анда камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча комиссиялык сыйлыкты цедентке төлөө менен байланышкан милдеттенмелерди кошпогондо, эсептешүү күнүнө карата кайрадан камсыздандыруучунун камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча милдеттенмелердин бир бөлүгүн чагылдырат. Камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайрадан камсыздандыруучунун (кайрадан камсыздандыруучулардын) үлүшү өмүрдү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруудан башка камсыздандырууларда ар бир келишим (келишимдердин топтору) боюнча кайрадан камсыздандыруу келишиминин (келишимдердин) шарттарына ылайык аныкталат. Өмүрдү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруудан башка камсыздандырууларда камсыздандыруу (техникалык) резервдерине кайрадан камсыздандыруучулардын катышуусунун үлүшүн камсыздандыруучу камсыздандыруу (техникалык) резервдери менен кошо бир эле убакта эсептейт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөө үчүн камсыздандыруу уюмдары камсыздандыруунун (кошо камсыздандыруунун) түзүлгөн келишимдерин эсепке алуу, чыгымдарды жана камсыздандыруунун (кошо камсыздандыруунун) мөөнөтүнөн эрте токтотулган келишимдерин эсепке алуу, кайрадан камсыздандырууга кабыл алынган келишимдерди эсепке алуу, кайрадан камсыздандыруу келишимдери боюнча чыгымдарды эсепке алуу журналдарын жана башка документтерди жүргүзүшөт. Аталган журналдар жана документтерде ар бир келишим боюнча ар бир отчеттук күнгө карата маалыматтарды камтыйт жана келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылган күндөн баштап 6 жылдан кем эмес мезгилге камсыздандыруучу тарабынан сакталууга тийиш. Тактап айтканда, милдеттүү реквизиттер болуп эсептелген төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган документтер сакталууга тийиш:
- келишимдин (полистин, күбөлүктүн, квитанциянын) номери;
- келишимдин күчүнө кирген күнү (камсыздандыруунун колдонулуп баштаган күнү);
- келишимди колдонуу мөөнөтү;
- камсыздандыруу суммасынын (суммаларынын) өлчөмү;
- эсептелген камсыздандыруу сый акысынын (төгүмдүн) өлчөмү;
- камсыздандыруу сый акысы (төгүмү) эсептелүүчү күн;
- "кызыл сторно" ыкмасы менен сторнолоо жазуусу жүргүзүлгөн камсыздандыруу сый акысынын (төгүмдүн) өлчөмү;
- камсыздандыруу сый акысынын (төгүмүнүн) суммасына "кызыл сторно" ыкмасы менен сторнолоо жазуусу жазылган күн;
- камсыздандыруу сый акысын (төгүмүн) төлөөнүн өлчөмү (өлчөмдөрү) жана күнү (күндөрү);
- келишим түзгөндүгү үчүн эсептелген сыйлоонун өлчөмү;
- келишимди мөөнөтүнөн эрте токтотуу күнү;
- келишимдин шарттарын өзгөртүүнүн күнү (күндөрү);
- келишим мөөнөтүнөн эрте токтотулгандыгына (шарттары өзгөргөндүгүнө) байланыштуу камсыздандыруучуга (кайрадан камсыздандыруучуга) кайтарылып берилүүчү камсыздандыруу сый акысынын (төгүмүнүн) өлчөмү;
- камсыздандыруу сый акысынын (төгүмүнүн) кайтаруу күнү;
- камсыздандыруу окуясы (окуялары) жөнүндө арыз түшкөн күн (күндөрү);
- камсыздандыруу окуясынын (окуяларынын) болгон күнү (күндөрү);
- билдирилген зыяндын (зыяндардын) өлчөмү (өлчөмдөрү), ошондой эле билдирилген зыяндын өлчөмүнүн (өлчөмдөрүнүн) жөнгө салуу процессинде өзгөрүүсү жөнүндө маалымат;
- камсыздандыруу төлөмүнүн (төлөмдөрүнүн) күнү (күндөрү);
- камсыздандыруу төлөмүнүн (төлөмдөрүнүн) өлчөмү (өлчөмдөрү);
- камсыздандыруу төлөмүнөн (төлөмдөрүнөн) баш тартуу күнү (күндөрү).
2.1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жылдык жалпы кирешеден чегерүүлөрдүн суммасын камсыздандыруучу резервдик фонддорго ушул Жободо белгиленген нормативдерге ылайык эсептен чыгарууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №265 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин түзүмү
3. Камсыздандыруу уюмдарын түзүү үчүн милдеттүү болгон камсыздандыруу (техникалык) резервдер төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) иштеп табылбаган сый акылардын резерви (мындан ары - ИТСАР);
2) боло элек чыгымдардын резерви - "өмүрдү камсыздандырруу" түрү боюнча камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюму тарабынан түзүлөт (мындан ары-БЭЧР);
3) төмөнкүдөй чыгымдардын резервдери:
- болуп өткөн, бирок билдирилбеген чыгымдардын резервдери (ББЧР);
- билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви (БЖЧР).
4. Түзүлгөн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча кошумча тобокелдиктер бар болсо, камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюму түзүлгөн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча тобокелдиктерди тындыруучу кошумча резервдерди түзүүгө тийиш.
3. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн методикасына коюлуучу жалпы талаптар
5. Колдонуудагы камсыздандыруу жана кайрадан камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу уюмунда ушул Жобого ылайык эсептелген өлчөмдө түзүлгөн камсыздандыруу (техникалык) резервдери милдеттүү түрдө болууга тийиш.
6. Камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби ушул Жобого ылайык эсептөө методу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
7. Камсыздандыруу (техникалык) резервдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган камсыздандыруунун түрлөрү боюнча камсыздандыруу уюму тарабынан өзүнчө түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнү ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык, камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюму тарабынан түзүлгөн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдеринин шарттарынын негизинде камсыздандыруу уюму жүргүзөт.
9. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдери эсептөө тобокелдиктерди андан ары кайрадан камсыздандырууну кошпогондо, бардык түзүлгөн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюму өзүнө алган милдеттенмелерди эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөдө ушул Жобонун 6-главасына ылайык, ушул Жобонун 3-пунктунда аталган резервдердин ар бир түрүн эске алуу менен кайрадан камсыздандыруучунун камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативдери чагылдырылат.
10. Эгерде камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишиминде же милдеттүү түрдөгү камсыздандыруу жөнүндө мыйзам актысында камсыздандырып коргоону колдонуу мөөнөтү так аныкталбаса, анда эсептөө үчүн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимин колдонуу мөөнөтү алынат.
11. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин көбөйтүү же азайтуу камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча алган милдеттенмелери көбөйгөн же азайган учурда гана болот.
12. Камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча милдеттенмелерге ылайык камсыздандыруу (техникалык) резервдеринен төлөмдөр жүргүзүлбөйт.
4. Өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу Иштеп табылбаган сый акылардын резерви (ИТСАР)
13. Иштеп табылбаган сый акылардын резерви камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый акысын билдирет, ал камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоону эсептешүү күнүнөн кийинки колдонуу мезгилине тиешелүү болуп эсептелет.
14. ИТСАРга камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча чегерүүлөрдүн нормативи эсептөө күнүнө карата аяктай элек камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоону колдонуунун мөөнөтүнө пропорционалдуу эсептелген чоңдукка барабар. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу келишимдерин кошпогондо, иштеп табылбаган сый акы эсептөө күнүнө карата аяктабаган камсыздандырып коргоону колдонуунун мөөнөтүнүн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоону колдонуунун бардык мөөнөтүнө болгон катышына базалык камсыздандыруу сый акысын төмөнкүдөй формула боюнча көбөйтүү катары аныкталат:
Т1-Т2
ИТСАР=БС*--------------
Т1
мында:
БС - базалык камсыздандыруу сый акысы;
Т1 - камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоо колдонулган күндөрдүн саны;
Т2 - эсептөө күнүнө чейин (кошо эсептегенде) камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоо колдонула баштаган учурдан баштап өткөн күндөрдүн саны.
Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишиминдеги иштеп табылбаган камсыздандыруу сый акысы эсептөө күнүнө карата аяктабаган камсыздандырып коргоону колдонуунун мөөнөтүнүн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоону колдонуунун бардык мөөнөтүнө болгон катышына базалык камсыздандыруу сый акысынын көбөйтүндүсү менен базалык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ортосундагы айырмасы катары аныкталат, ал төмөнкү формула боюнча эсептөө күнүнөн кийин камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишиминин шарттарына ылайык камсыздандыруу уюмуна төлөнүүгө тийиш:
Т1-Т2 БС
ИТСАР=БС*-------------БКТ, БКТ=КТ*---------
Т1 КС
мында:
БС - базалык камсыздандыруу сый акысы;
Т1 - камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоо колдонулган күндөрдүн саны;
Т2 - эсептөө күнүнө чейин (кошо эсептегенде) камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандырып коргоо колдонула баштаган учурдан баштап өткөн күндөрдүн саны;
БКТ - базалык камсыздандыруу төгүмдөрү, алар эсептөө күнүнөн кийин камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишиминин шарттарына ылайык камсыздандыруу уюмуна төлөнүүгө тийиш;
КТ - камсыздандыруу төгүмдөрү, алар эсептөө күнүнөн кийин камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишиминин шарттарына ылайык камсыздандыруу уюмуна төлөнүүгө тийиш;
КС - камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандыруу сый акысы.
15. Бул Жобонун 14-пунктуна ылайык эсептелген камсыздандыруунун (кайрадан камсыздандыруунун) бардык келишимдери боюнча иштеп табылбаган камсыздандыруу сый акыларынын суммасы камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруунун (кайрадан камсыздандыруунун) ар бир түрү боюнча иштеп табылбаган камсыздандыруу сый акыларынын резерви болуп эсептелет.
Болуп өткөн, бирок билдирилбеген чыгымдардын резерви (ББЧР)
16. Болуп өткөн, бирок билдирилбеген чыгымдардын резервине чегерүүлөрдүн нормативин эсептөө камсыздандыруунун ар бир түрү боюнча өзүнчө камсыздандыруу уюму тарабынан жүргүзүлөт, анда камсыздандыруунун (өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруунун) ушул түрү боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөгү камсыздандыруу уюму тарабынан топтолгон статистика эске алынат.
17. Камсыздандыруунун (өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруунун) ушул түрү боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдө камсыздандыруу уюмунун өздүк статистикасы жок болсо, же мындай статистика толук эмес болсо ББЧРдын өлчөмү БЖЧРдын 50 процентинен кем болбоого тийиш. Эгерде БЖЧРдын өлчөмү нөлгө барабар болсо, анда ББЧРдын өлчөмү эсептөө күнүнө чейики акыркы он эки айдын ичинде колдонулган камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча эсептелген базалык камсыздандыруу сый акыларынын суммасынын 5 процентинен кем болбоого тийиш.
Билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви (БЖЧР)
18. Билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резервине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөө күнүнө карата билдирилген, бирок жөнгө салынбаган ар бир доо боюнча эсептелет. Билдирилген доо камсыздандыруу уюмунун чыгымдарын эсепке алуу журналында камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу окуясы болгондугу жөнүндө кабарлоо камсыздандыруучуга жеткиликтүү болгон бардык ыкмалар аркылуу же Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында каралган тартипте билдирилген катары катталат.
19. БЖЧРга чегерүүлөрдүн нормативи төмөнкүдөй чоңдукка барабар:
БЖЧР=Т+ТЧ,
мында:
Т - камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча билдирилген доого төлөнүп берилүүгө тийиш болгон камсыздандыруу төлөмдөрү;
ЧТ - камсыздандыруу уюмунун билдирилген доолор боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн кароо, жөнгө салуу, аныктоо менен тикелей байланышкан төлөнүүгө тийиш болгон чыгымдары.
Камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун билдирилген доолор боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн кароо, жөнгө салуу, аныктоо менен тикелей байланышкан төлөнүүгө тийиш болгон чыгымдары иш жүзүндөгү чыгымдар өлчөмүндө эсептелет жана билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын суммасынын 1 процентинен кем болбоого тийиш, бирок эки айлык эсептешүү көрсөткүчүнөн кем болбошу керек.
20. Эгерде төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү аныкталбаса, анда БЖЧРга чегерүүлөрдүн нормативин эсептөө үчүн ушул Жобонун 19-пунктуна ылайык камсыздандыруу төлөмүнүн максималдуу түрдө мүмкүн болгон өлчөмү алынат, ал камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюму алдын ала алган камсыздандыруу окуясы жөнүндө маалыматтын негизинде бааланат, бирок ал камсыздандыруу суммасынан ашпоого тийиш.
21. Бул Жобонун 17-пунктунда аталган БЖЧРдын чоңдугу эсептөө күнүнө карата камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмуна камсыздандыруу сый акысын (камсыздандыруу төгүмдөрүн) төлөө боюнча камсыздандырылгандын (кайрадан камсыздандырылгандын) карызынын суммасына азайтылышы мүмкүн.
22. Камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюму доо жөнүндө билдирилген учурдан баштап ал боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө чейин же камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылганга чейин, же доо боюнча камсыздандыруу төлөмүн алуудан камсыздандырылгандын жазуу жүзүндөгү баш тартуусуна чейин үч жыл бою (кайсыл күн эрте келет, ошого жараша) БЖЧРдын өлчөмүн түзөт.
5. Өмүрдү камсыздандыруу
23. "Өмүрдү камсыздандыруу" түрү боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзгөн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөө камсыздандыруунун (кайрадан камсыздандыруунун) ар бир келишими боюнча өзүнчө, ошондой эле келишимдердин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча өзүчө жүргүзүлөт:
1) өмүрдү топтомо эмес камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу);
2) өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу);
3) аннуитет, ал боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүнү баштоо мөөнөтү эсептөө күнүнөн кийин келет;
4) аннуитет, ал боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүнү баштоо мөөнөтү эсептөө күнүнө чейин келет.
24. "Өмүрдү камсыздандыруу" түрү боюнча, кырсыктардан жана оорудан камсыздандыруу түрү боюнча жана медициналык камсыздандыруу түрү боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзгөн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөө ушул Жобонун 4-главасына ылайык жүргүзүлөт.
Өмүрдү камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча боло элек чыгымдардын резерви (БЭЧР)
25. Өмүрдү камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча боло элек чыгымдардын резерви эсептөө күнүнө карата бардык колдонулган өмүрдү камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча боло элек чыгымдардын резервдеринин суммасы катары эсептелет.
26. Өмүрдү камсыздандыруунун (кайрадан камсыздандыруунун) өзүнчө келишими боюнча БЭЧРге чегерүүлөрдүн нормативи төмөнкү эки чоңдуктун максималдуу чоңдугуна барабар:
1) БЭЧР 1=Ткн+ТЧкн+ОЧкн-КТкн,
мында:
Ткн - камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишиминин шарттарында каралган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келтирилүүчү күтүлгөн наркы;
ТЧкн - камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу төлөмдөрдүн өлчөмүн кароо, жөнгө салуу, аныктоо менен тикелей байланышкан чыгымдардын келтирилүүчү күтүлгөн наркы;
ОЧкн - камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун ишти жүргүзүү менен байланышкан операциялык чыгымдарынын келтирилүүчү күтүлгөн наркы;
КТкн - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн (бир жолу төлөнгөндө - камсыздандыруу сый акысынын) келтирилүүчү күтүлгөн наркы, алар эсептөө күнүнөн кийин камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюму тарабынан алынууга тийиш;
2) БЭЧР2=Ткн-КНТкн,
мында:
Ткн - камсыздандыруу окуясы болгондо гана камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишиминин шарттарында каралган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келтирилүүчү күтүлгөн наркы (камсыздандыруу келишиминде белгиленген мезгил аяктаганда жүргүзүлүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүн кошпогондо);
КНТкн - камсыздандыруу нетто-төгүмдөрүнүн (бир жолу төлөнгөндө камсыздандыруу нетто-сый акысынын) келтирилүүчү күтүлгөн наркы, алар камсыздандыруу окуясынын болушу менен байланышкан камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү боюнча гана алынган милдеттенмелери үчүн камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюму эсептөө күнүнөн кийин алууга тийиш (камсыздандыруу келишиминде белгиленген мезгил аяктаганда жүргүзүлүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүн кошпогондо).
Аннуитет келишимдери боюнча боло элек чыгымдардын резерви
27. Аннуитет келишимдери боюнча БЭЧР эсептөө күнүнө карата колдонуудагы бардык аннуитет келишимдери боюнча боло элек чыгымдардын резервдеринин суммасы катары эсептелет.
28. Аннуитеттин өзүнчө келишими боюнча БЭЧРге чегерүүлөрдүн нормативи төмөнкүдөй чоңдукка барабар:
БЧЭР=Ткн+ОЧкн-КТкн,
мында:
Ткн-аннуитет келишиминин шарттарында каралган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келтирилүүчү күтүлгөн наркы;
ОЧкн - камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун аннуитет келишими боюнча иштерди жүргүзүү менен байланышкан операциялык чыгымдарынын келтирилүүчү күтүлгөн наркы;
КТкн - камсыздандыруу төгүмдөрүнүн (бир жолу төлөнгөндө - камсыздандыруу сый акысынын) келтирилүүчү күтүлгөн наркы, алар эсептөө күнүнөн кийин камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу уюму тарабынан алынууга тийиш. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүнүн башталган мөөнөтү эсептөө күнүнө чейин келген аннуитет келишимдери үчүн КТкн нөлгө барабар.
29. Аннуитет келишимдери боюнча үзгүлтүксүз камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү көбөйтүлгөндө БЭЧРге чегерүүлөрдүн нормативи төмөнкүдөй аныкталат:
- камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө мезгилинде ушул Жобонун 27пунктуна ылайык. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келтирилүүчү күтүлгөн наркын эсептөө камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн көбөйтүлгөндүгүн эске алуу менен жүргүзүлөт;
- топтоо мезгилинде төмөнкү чоңдуктардын эң чоңу катары:
1) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келтирилүүчү күтүлгөн наркын ушул Жобонун 27-пунктуна ылайык аныкталган БЭЧРдын өлчөмүнө кошкондо. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн күтүлгөн наркы аннуитет келишими боюнча кошумча келишимдердин эсептелген жана бөлүштүрүлгөн өлчөмүнө барабар;
2) ушул Жобонун 27-пунктуна ылайык аныкталган БЭЧРдын өлчөмү (камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун кошумча кирешелеринин эсебинен аннуитет келишими боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү көбөйтүлгөндүгүн кошкондо).
Болуп өткөн, бирок билдирилбеген чыгымдардын резерви (ББЧР)
30. Өмүрдү топтомо эмес камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча болуп өткөн, бирок билдирилбеген чыгымдардын резерви камсыздандыруунун ушул түрү боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдө камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун топтолгон статистикасын эске алуу менен эсептелет.
Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдө камсыздандыруу уюмунун өздүк статистикасы жок болсо, же мындай статистика толук эмес болсо ББЧРдын өлчөмү БЖЧРдын 50 процентинен кем болбоого тийиш. Эгерде БЖЧРдын өлчөмү нөлгө барабар болсо, анда ББЧРдын өлчөмү эсептөө күнүнө чейики акыркы он эки айдын ичинде колдонулган камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча эсептелген базалык камсыздандыруу сый акыларынын суммасынын 5 процентинен кем болбоого тийиш.
31. Аннуитет келишимдери боюнча, ошондой эле өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча ББЧР нөлгө барабар.
Билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви (БЖЧР)
32. Өмүрдү камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви эсептөө күнүнө карата билдирилген, бирок жөнгө салынбаган ар бир доо боюнча эсептелет.
33. Өмүрдү камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча БЖЧРга чегерүүлөрдүн нормативи төмөнкүдөй чоңдукка барабар:
БЖЧР=Т+ЧК,
мында:
Т - жөнгө салынбаган доолор боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн күтүлгөн наркы;
ЧК - камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн кароо, жөнгө салуу, аныктоо менен тикелей байланышкан чыгымдардын күтүлгөн наркы.
Билдирилген доолор боюнча камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн кароо, жөнгө салуу, аныктоо менен тикелей байланышкан чыгымдардын күтүлгөн наркы иш жүзүндөгү чыгымдардын өлчөмүндө эсептелет. Мындай күтүлгөн чыгымдардын наркы билдирилген, бирок жөнгө салынган чыгымдардын суммасынын 1 процентинен кем болбоого тийиш, бирок бардык учурда эки айлык эсептешүү көрсөткүчтөрүнөн кем болбошу керек.
34. Бул Жобонун 32-пунктунда аталган БЖЧРдын чоңдугу эсептөө күнүнө карата камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмуна камсыздандыруу сый акысын (камсыздандыруу төгүмдөрүн) төлөө боюнча камсыздандырылгандын (кайрадан камсыздандырылгандын) карызынын суммасына азайтылышы мүмкүн.
35. Камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюму доо жөнүндө билдирилген учурдан баштап ал боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө чейин же камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылганга чейин, же доо боюнча камсыздандыруу төлөмүн алуудан камсыздандырылгандын жазуу жүзүндөгү баш тартуусуна чейин үч жыл бою (кайсыл күн эрте келет, ошого жараша) БЖЧРдын өлчөмүн түзөт.
36. Аннуитет келишимдери боюнча билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резервине чегерүүлөрдүн нормативи нөлгө барабар.
6. Камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү
37. Камсыздандыруу (техникалык) нормативдериндеги кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү кайрадан камсыздандыруунун төмөнкүдөй түрлөрүнө жараша өзүнчө аныкталат:
1) пропорционалдык кайрадан камсыздандыруу;
2) пропорционалдык эмес кайрадан камсыздандыруу.
Өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу
1) Пропорционалдык кайрадан камсыздандыруу
38. ИТСАРдагы кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативин эсептөө кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый акысынын иш жүзүндөгү өлчөмүнүн негизинде ушул Жобонун 13 жана 14-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.
Кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый акысы кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акысынын 15 процентинен ашпаган өлчөмдө кайрадан камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиондук сыйлоону алып салганда кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акысы катары аныкталат.
39. БЖЧРдагы кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативин эсептөө кайрадан камсыздандырууга берилген ар бир камсыздандыруу келишимдери боюнча билдирилген доолорго өзүнчө эсептелет жана кайрадан камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишими боюнча жоопкерчиликтин үлүшүн билдирилген чыгымдын суммасына көбөйткөнгө барабар.
Эгерде доо берилген камсыздандыруу келишими кайрадан камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык келбесе анда кайрадан камсыздандыруучунун ушул келишим боюнча БЖЧРдагы үлүшү нөлгө барабар.
40. Кайрадан камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативин эсептөө камсыздандыруунун ушул түрү боюнча кайрадан камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча топтолгон статистиканын негизинде, камсыздандыруунун ар бир түрү боюнча өзүнчө аныкталат.
Камсыздандыруунун ушул түрү боюнча кайрадан камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдө камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун өздүк статистикасы жок болсо, же мындай статистика толук эмес болсо ББЧРдын өлчөмү БЖЧРдын 50 процентинен кем болбоого тийиш. Эгерде БЖЧРдын өлчөмү нөлгө барабар болсо, анда ББЧРдын өлчөмү эсептөө күнүнө чейинки акыркы он эки айдын ичинде колдонулган кайрадан камсыздандыруу келишимдери боюнча эсептелген базалык камсыздандыруу сый акыларынын суммасынын 5 процентинен кем болбоого тийиш.
2) Пропорционалдык эмес кайрадан камсыздандыруу
41. Кайрадан камсыздандыруучунун ИТСАРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативин эсептөө ушул Жобонун 14 жана 15-пункттарына ылайык аныкталат.
Кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый акысы ушул Жобонун 39-пунктунун экинчи абзацына ылайык аныкталат жана кайрадан камсыздандыруу келишими колдонулуучу камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый акысынан ашпоого тийиш.
42. Кайрадан камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативин эсептөө кайрадан камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишиминин ар бирине билдирилген доо боюнча өзүнчө аныкталат жана билдирилген чыгымдын суммасы менен камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишими боюнча камсыздандыруу уюмунун кармап калууларынын айырмасына барабар.
Доо берилген камсыздандыруу келишими кайрадан камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык келбесе, анда ушул келишим боюнча кайрадан камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү нөлгө барабар.
43. Кайрадан камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативин эсептөө камсыздандыруунун ушул түрү боюнча кайрадан камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча топтолгон статистиканын негизинде, камсыздандыруунун ар бир түрү боюнча өзүнчө аныкталат.
Камсыздандыруунун ушул түрү боюнча кайрадан камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдө камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун өздүк статистикасы жок болсо, же мындай статистика толук эмес болсо ББЧРдын өлчөмү БЖЧРдын 50 процентинен кем болбоого тийиш. Эгерде БЖЧРдын өлчөмү нөлгө барабар болсо, анда ББЧРдын өлчөмү эсептөө күнүнө чейинки акыркы он эки айдын ичинде колдонулган кайрадан камсыздандыруу келишимдери боюнча эсептелген базалык камсыздандыруу сый акыларынын суммасынын 5 процентинен кем болбоого тийиш.
Өмүрдү камсыздандыруу
1) Пропорционалдык кайрадан камсыздандыруу
44. Өмүрдү топтомо эмес камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативин эсептөө ушул Жобонун 38-40-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.
45. Өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдерде жана аннуитет боюнча келишимдерде кайрадан камсыздандыруучунун БЭЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативи ушул Жобонун 25-28-пункттарына ылайык кайрадан камсыздандырууга берилген камсыздандыруу келишими боюнча жоопкерчиликтин үлүшүнө ылайык, же кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый акысынын (төгүмдөрүнүн) иш жүзүндөгү өлчөмүнүн негизинде (алынган чоңдуктардын кайсынысы аз болсо, ошого жараша) аныкталат.
Кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый акысы ушул Жобонун 38-пунктунун экинчи абзацына ылайык аныкталат.
46. Өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча кайрадан камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативи ушул Жобонун 37-пунктуна ылайык аныкталат.
2) Пропорционалдык эмес кайрадан камсыздандыруу
47. Өмүрдү топтомо эмес камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдериндеги кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативин эсептөө ушул Жобонун 41-43-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.
48. Өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдеринде жана аннуитет келишимдеринде кайрадан камсыздандыруучунун БЭЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативи ушул Жобонун 38-пунктунун экинчи абзацына ылайык аныкталган кайрадан камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый акысынын (төгүмдөрүнүн) иш жүзүндөгү өлчөмүнүн негизинде аныкталат.
Өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдеринде жана аннуитет келишимдеринде кайрадан камсыздандыруучунун БЭЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативи өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдери жана аннуитет келишимдери боюнча БЭЧРге чегерүүлөрдүн нормативинин өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
49. Өмүрдү топтомо камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) келишимдеринде кайрадан камсыздандыруучунун БЖЧРдагы үлүшү боюнча чегерүүлөрдүн нормативи ушул Жобонун 42-пунктуна ылайык аныкталат.
7. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөө жөнүндө отчеттун формасы жана берүүнүн мөөнөттөрү
50. Камсыздандыруу уюму камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнү отчеттук айдын акыркы күнүнө карата (кошо эсептегенде) жүргүзөт.
51. Камсыздандыруу уюму отчеттук айдан кийинки айдын жыйырма бешинен кеч эмес мезгилде Кыргыз Республикасынын камсыздандырууну көзөмөлдөө боюнча башкармасынын мамлекеттик органына камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөө жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) ушул Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча берет.
Отчет кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө берилет.
52. Бириктирилген отчет улуттук валютада эки нускада түзүлүп, ага камсыздандыруу уюмунун биринчи жетекчиси, башкы бухгалтери жана аткаруучу тарабынан кол коюлат жана камсыздандыруу уюмунун мөөрү менен ырасталат. Отчеттун бир нускасы Кыргыз Республикасынын камсыздандырууну көзөмөлдөө боюнча башкармасынын мамлекеттик органына берилет, экинчи нускасы камсыздандыруу уюмунда сакталат.
53. Отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү зарылдыгы пайда болгондо, отчетту берген күндөн баштап үч күндүк мөөнөттө камсыздандыруу уюму өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү зарылдыгынын себептерин түшүндүрүп, отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүчтү Кыргыз Республикасынын камсыздандырууну көзөмөлдөө боюнча башкармасынын мамлекеттик органына берет.
54. Отчетту өз убагында бербей калуу, бербей коюу же отчетто туура эмес маалыматтарды берүү, ошондой эле ушул Жободо белгиленген талаптарды камсыздандыруу уюмунун аткарбоосу Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.
8. Корутунду жоболор
55. Бул Жободо жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
| Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу
(техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөө тартиби
жөнүндө отчет
______________________________________________________________________
(камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) уюмунун аталышы)
200_-жылдын «____»____________карата
1 | 2 | 3 | 4 |
| Өмүрдү камсыздандыруудан башка камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдерин эсептөөнүн методу
|
| Камсыздандыруунун (кайрадан камсыздандыруунун) колдонуудагы келишимдери боюнча эсептелген камсыздандыруу сый акыларынын суммасынан үлүш |
1.1
| Камсыздандыруунун ыктыярдуу түрлөрү боюнча бардыгы |
|
|
1.1.1.
| Иштеп табылбаган сый акылардын резерви (ИТСАР) |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.1.2.
| Болуп өтүп, бирок билдирилбеген чыгымдардын резерви (ББЧР) |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.1.3.
| Билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви (БЖЧР) |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.1.4. | Кошумча резервдер |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.2
| Камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча бардыгы |
|
|
1.2.1.
| Иштеп табылбаган сый акылардын резерви (ИТСАР) |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.2.2.
| Болуп өтүп, бирок билдирилбеген чыгымдардын резерви (ББЧР) |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.2.3.
| Билдирилген, бирок жөнгө салынбаган чыгымдардын резерви (БЖЧР) |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
1.2.4. | Кошумча резервдер |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
2.
| Өмүрдү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу (техникалык) резервдерин эсептөө методу
| Барды- гы
| Камсыздандыруунун (кайрадан камсыздандыруунун) колдонуудагы келишимдери боюнча эсептелген камсыздандыруу сын акыларынын суммасынан үлүш |
2.1.
| Аннуитет жана өмүрдү топтомо камсыздандыруу келишимдери боюнча боло элек чыгымдардын резерви (БЭЧР) |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
2.2.
| Өмүрдү топтомо камсыздандыруу келишими боюнча билдирилген, бирок жөнгө салынбаган |
|
|
| чыгымдардын резерви (БЖЧР) |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
2.3. | Кошумча резервдер |
|
|
| анын ичинде кайрадан камсыздандыруучунун үлүшү |
|
|
| Камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин жыйынтыгы (1.1. тилкеси┼1.2 тилкеси┼ 2.1. тилкеси┼2.2. тилкеси┼ 2.3.тилкеси |
|
|
Камсыздандыруу уюмунун
жетекчиси ______________________
________________________________ _________________
(аты-жөнү) (колу)
Камсыздандыруу уюмунун
башкы бухгалтери________________
_________________________ _________________
(аты-жөнү) (колу)
Аткаруучу_______________________
________________________________ _________________
(аты-жөнү) (колу)
Тел. ___________________________
Камсыздандыруу уюмунун
мөөрүнүн орду