ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-ноябрындагы №276 «Курман айт күнү жөнүндө» токтому

Редакция12.11.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-ноябрындагы № 276

Курман айт күнү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2010-жылдын 16-ноябры Кыргыз Республикасынын аймагында Курман айтты майрамдоо күнү болуп жарыялансын.

2. Жарандардын толук эс алышын камсыздоо максатында:

- 2010-жылдын 15-ноябрындагы жумуш күнү 2010-жылдын 13-ноябрына которулсун.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева