Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-ноябры № 282
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 76 «Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-декабрындагы № 876 «Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1 - пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Спирттин жана алкоголдук продукциянын транзити Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 36-главасына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылган шартта гана ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |