Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылдын 19-декабры № 876
Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528, 2010-жылдын 18-ноябры № 282, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2013-жылдын 23-январындагы № 26, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826, 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын спирт жана алкоголь өнөр жайында түзүлгөн оор кырдаалды жоюу, спирт жана алкоголь продукциясын бажы аймагына контрабандалык алып келүүгө, контрафактык алкоголдук продукцияны өндүрүүгө бөгөт коюу, салык жана башка төлөмдөр боюнча бекитилген болжолдук көрсөткүчтөрдү аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Спирттин жана алкоголдук продукциянын транзити Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 36-главасына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылган шартта гана ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 282 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген, акциз маркасы менен маркировкаланууга тийиш болгон алкоголдук продукцияны бажылык тариздөө үчүн Бишкек жана Ош шаарларында адистештирилген убактылуу сактоочу кампаларды уюштурууга белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө тендер өткөрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык уюштурулган убактылуу сактоочу кампаларды кошпогондо бардык өткөрүү пункттары жана терминалдар аркылуу Кыргыз Республикасынын бажы аймагына акциз маркасы менен маркировкаланууга тийиш болгон алкоголдук продукцияны алып келүүгө тыюу салынсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети булактарды аныктагандан жана зарыл акча каражаттарын бөлгөндөн кийин үч айлык мөөнөттө бирдиктүү компьютердик тармакты түзсүн жана өндүрүшкө лицензиясы бар чарбакер субъекттер өндүргөн спирт менен алкоголдук продукцияны чыгарууну жана сатууну эсепке алуу программасын ишке киргизсин.
6. Этил спиртин чыгарган мамлекеттик ишканалар, ошондой эле ликер-арак ичимдиктерин чыгарууга лицензиясы бар чарбакер субъекттер ушул продукцияларды өндүрүү көлөмдөрүн эсепке алуунун контролдук приборлору менен технологиялык линияларды 2006-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө жабдууга милдеттендирилсин.
7. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Спирт жана алкоголдук продукцияны чыгаруу көлөмдөрүн эсепке алуунун контролдук приборлору жана технологиялык процесстерде колдонулуучу өлчөө каражаттары мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү жана контролду жайылтуу чөйрөсүнө кире тургандыгы жана белгиленген тартипте мамлекеттик текшерүүгө тийиш экендиги белгиленсин.
9. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 168 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
- арак жана ликер-арак ичимдиктерин чыгарууга лицензиялары жок чарбакер субъекттер 2007-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө арак жана ликер-арак ичимдиктерин чыгаруу үчүн зарыл болгон куюу линияларын, жапкыч бөлүмдөрүн, спирт сактоочу жайларды жана башка технологиялык жабдууларды демонтаждоону ишке ашырууга же бул ишканаларды Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спиртти жана алкоголь продукцияларын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин контролдугу менен кайра профилдештирүү жүргүзүүгө;
- суу жана энергия менен камсыздоонун тийиштүү кызматтары арак жана ликер-арак ичимдиктерин чыгарууга лицензиялары жок чарбакер субъекттерди суу жана энергия менен камсыздоо системаларынан өчүрүүгө.
12. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомуна ылайык алынып салынды)
13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Салык кодексине аракка акциз салыгын төлөө тартибин, спирт сатып алууда аны төлөө тартибин өзгөртүүнү караган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, "Акциз салыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өндүрүлүүчү алкоголдук продукцияга ставкаларды азайтууну жана алып келингендерге көбөйтүүнү кароочу өзгөртүү киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине спирт менен алкоголдук продукциянын контрабандасы, контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жасалма акциз маркаларын, товардык белгилерди, бренддерди, этикеткаларды ж.б.у.с. пайдалануу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жагынан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
14. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жогоруда аталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кезексиз кароодо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине көмөк көрсөтсүн.
15. (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомуна ылайык алынып салынды)
16. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-январындагы № 26 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) спирттин жана алкоголдук продукциянын контрабандасына, контрафакттык продукцияларды чыгарууга, жасалма акциздик маркаларга жана кайталап пайдаланууга, башка мыйзамдарды бузууларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иштердин координатору болуп санала тургандыгы белгиленсин жана аны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен бирдикте жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 528, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) ички рынокко мыйзамсыз жана контрафакттык алкоголдук продукцияларды жөнөтүүлөргө карата козголгон кылмыш иштерин териштирүү боюнча тергөө органдарынын иштерине жана сотторго материалдарды өткөрүп берүүгө катуу контролдукту белгилесин.
19. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Контрабандага каршы күрөштү күчөтүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 25-январындагы № 33 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча спиртти жана алкоголдук продукцияны транзиттик ташуулардын тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 4-январындагы № 3 токтому;
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
21. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |