КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-ноябры №305
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №171 "2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Республиканын региондорунда күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн түзүлгөн жагымдуу климаттык шарттарга байланыштуу, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү дизель отуну менен ыкчам камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №171 "2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктундагы "2010-жылдын 1-ноябрына" деген сөздөр "2010-жылдын 1-декабрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |