Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры № 310
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон «Курулуш-Банк» АКБсы, «Инсан» АКБсы жана «Меркюри» АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-августундагы № 480 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурдагы Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө» жана 2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 «Банкрот болгон коммерциялык банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө» токтомдоруна ылайык чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда тындыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-сентябрындагы № 449 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы «Кыргызэлбанктын» (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон «Курулуш-Банк» АКБсы, «Инсан» АКБсы жана «Меркюри» АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы «2009-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө» деген сөздөр жана цифралар «2011-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |