Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2005-жылдын 23-сентябры № 449
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон "Курулуш-Банк" АКБсы, "Инсан" АКБсы жана "Меркюри" АКБсы коммерциялык банктарынын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда тындыруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 108, 2009-жылдын 3-июнундагы № 330, 2010-жылдын 8-декабрындагы №310 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Социалдык курч абалды төмөндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы), ошондой эле банкрот болгон "Курулуш-банк" АКБсы, "Инсан" АКБсы жана "Меркюри" АКБсы коммерциялык банктарынын аманатчыларына - жеке жактарга колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-августундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурдагы "Кыргызэлбанктын" (мурда - Кыргызстан Республикасынын граждандарынын аманаттарын сактоо жана кредиттөө банкы) аманатчыларынын алдындагы карызы жөнүндө" жана 2003-жылдын 28-ноябрындагы № 740 "Банкрот болгон коммерциялык банктардын аманатчыларынын акча каражаттарын компенсациялоо жөнүндө" токтомдоруна ылайык чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө алар боюнча аманатчыларга - жеке жактарга тындырылбаган калдыктын өлчөмүндө мөөнөтүнөн мурда тындырууну жүргүзсүн.
(2010-жылдын 8-декабрындагы №310 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
(2010-жылдын 8-декабрындагы №310 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф.Кулов |