Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры № 313
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 11-сентябрындагы № 520 «Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун калкын жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылын колдоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июлундагы № 14 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана анын администрациялык ведомстволору жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 11-сентябрындагы № 520 «Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун калкын жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылын колдоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы жана Каракөл шаарынын Жазыкечүү айылындагы суу чарба объекттерин каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин атайын фонду жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл текст боюнча «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги», «Кыргыз Республикасынын айыл чарба, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри», «Экономика жана финансы министрлиги» деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү түрдө тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети», «Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы», «Финансы министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктундагы «министрлиги» деген сөз «мамлекеттик комитети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10-пунктунун экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 750 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө» токтомунун 7-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |