Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры № 315
Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга финансылык кызматташуу боюнча жана 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга техникалык кызматташуу боюнча Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2009-жылдын 14-октябрындагы № 243/2009 вербалдык нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 011-15/1982 жооп вербалдык нотасын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга финансылык кызматташуу боюнча жана 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга техникалык кызматташуу боюнча Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2009-жылдын 14-октябрындагы № 243/2009 вербалдык нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 011-15/1982 жооп вербалдык нотасын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Долбоор
1. Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга финансылык кызматташуу боюнча жана 2007-2008-жылдарга жана 2009-2010-жылдарга техникалык кызматташуу боюнча Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2009-жылдын 14-октябрындагы № 243/2009 вербалдык нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2010-жылдын 13-сентябрындагы № 011-15/1982 жооп вербалдык нотасы ратификациялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө германиялык тарапка билдирсин.
3. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|