Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-декабры № 321
Кыргыз улуттук энциклопедиясын өз убагында чыгаруу жана жалпы билим берүү мектептерин, айылдык китепканаларды энциклопедия менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
«Көп томдуу Кыргыз улуттук энциклопедиясын чыгаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 21-январындагы № 27 Жарлыгына ылайык, көп томдуу Кыргыз улуттук энциклопедиясын жыл сайын чыгарууну өз убагында каржылоо жана республиканын жалпыга билим берүү мектептерин, айылдык китепканаларын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы берүүчү чыгымдардын сметасына ылайык көп томдуу энциклопедияны чыгаруу үчүн 2011-2015-жылдарга республикалык бюджеттен каражаттарды өзүнчө сап менен карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Кыргыз улуттук энциклопедиясынын 2500 нускасын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги энциклопедиянын жогоруда аталган басылмасынын 2500 нускасын жалпы билим берүү мектептерине жана айылдык китепканаларга андан ары бөлүштүрүп берүү үчүн белгиленген тартипте кабыл алсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |