Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 16-декабры №322
Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2010-жылы мүчөлүк, үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2010-жылы мүчөлүк, үлүштүк акыларды төлөөгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- мүчөлүк акылары 2010-жылы биринчи кезектеги тартипте төлөнүүгө тийиш болгон КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелердин тизмеси, № 1 тиркемеге ылайык;
- мүчөлүк акылары биринчи кезектеги тартипте төлөнүүгө тийиш болгон эл аралык уюмдардын тизмеси, № 2 тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк акыларды ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмелерге ылайык төлөп берсин.
3. Эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк акыларды төлөө боюнча бул токтом менен артыкчылыктууларга киргизилбеген финансылык милдеттенмелери бар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары мүчөлүк акыларды аларга бөлүнгөн бюджеттик акчалардын чегинде же атайын каражаттардын эсебинен төлөшсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |
Мүчөлүк акылары 2010-жылы биринчи кезектеги тартипте төлөнүүгө тийиш болгон КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелердин ТИЗМЕСИ
Уюмдардын аталышы | 2010-жылдын бюджетинде каралган (сом) |
Евразиянын Экономикалык шериктештиги | 31954100,35 |
Евразия өнүктүрүү банкы | 4700000,00 |
Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ОДКБ) | 16412426,78 |
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү бюджети | 13234248,40 |
Кыргыз Республикасынын КМШ органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 4150523,08 |
КМШга катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселеси боюнча координациялык комитет | 1500000,00 |
КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясы | 10217983,12 |
КМШнын Гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фонду (КМШнын ГКбМАФ) | 869193,00 |
Бардыгы: | 83038474,73 |
Уюмдардын аталышы | 2010-жылдын бюджетинде каралган (сом) |
Дүйнөлүк Банк | 14715211,00 |
Азия өнүктүрүү банкы | 13000000,00 |
БУУнун туруктуу бюджети | 1065230,00 |
Эл аралык Ислам Соода-Финансылык Корпорациясы (МИТФК) | 7666668,20 |
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ОБСЕ) | 3007371,65 |
БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО) | 230211,22 |
ЮНЕСКО (БУУнун илим, маданият жана билим берүү маселелери боюнча уюму) | 166242,00 |
ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас фонду | 1551,00 |
ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурасты коргоо жөнүндө конвенциясынын Материалдык эмес маданий мурас фонду | 1551,00 |
Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) | 1351440,00 |
Дүйнөлүк Почта Союзу (ДПС) | 1919520,00 |
Жарандык авиациянын эл аралык уюму (ИКАО) | 1072164,00 |
Электрдик байланыштын эл аралык союзу (МСЭ) | 1935825,00 |
Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча БУУ (ЮНИДО) | 47926,00 |
Шанхай кызматташтык уюму (ШОС) | 11019261,00 |
ШОСтун Терроризмге каршы региондук структурасы | 7609904,00 |
Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКО) | 815121,00 |
ОИКтин башкы секретариаты | 2444000,00 |
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) | 923550,00 |
Эл аралык эмгек уюму (МОТ) | 189456,00 |
Миграция боюнча эл аралык уюм (МОМ) | 240240,00 |
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) | 156052,00 |
ОБСЕнин парламенттик ассамблеясы | 83030,20 |
Бардыгы: | 69661525,27 |