Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы №304 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2008-жылдын 26-августу №472

"Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы №327 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда Мамлекеттик чегараны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Премьер-министри өзүнүн буйругу менен Делегациянын курамына өзгөртүү киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында отурумдарды жана жолугушууларды өткөрүү тууралуу жана Делегациянын мүчөлөрүн Казакстан Республикасына командировкага жиберүү тууралуу чечимдерди кабыл алууга укуктуу.".

 

Премьер-министри

И.Чудинов