Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КР Өкмөтүнүн

2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 16-декабры №325

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуу жөнүндө

Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин финансы жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө болуучу шарттарды түзүү аркылуу кадрлардын агымын төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Ресурстук макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрине ушул токтомдун 1-пункту менен жактырылган Ресурстук макулдашууга белгиленген тартипте кол коюу тапшырылсын.

3. Ресурстук макулдашуунун иштөө мөөнөтү бүткөнгө чейин аны бир тараптуу өзгөртүүгө же ажыратууга болбостугу аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынчу атайын каражаттарды өз алдынча пайдаланууга укук берилсин;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана анын аймактык, ведомстволук бөлүктөрүнүн кызматкерлерин сыйлоо тартибин жөнгө салуучу ведомстволук актыны иштеп чыксын жана бекитсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева