Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы N 317 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин (мындан ары - КТАД) жүзөгө ашырууда жалпы көзөмөлдү, координациялоону жана консультациялык жардамды камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.
2. Кеңештин милдеттери, функциялары жана укуктары
2. Кеңештин негизги милдеттери:
- КТАДды жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышын кароо жана контроль жүргүзүү;
- КТАДды жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- КТАДдын топтомо отчетун жарыялоо үчүн кароо, талкуулоо жана бекитүү.
3. Кеңештин функциялары:
- кен казып алуу тармагынын ачыктыгын жогорулатуу үчүн мыйзам чыгаруу актыларынын, институттук, финансылык жана жөнгө салуу маселелеринин учурдагы жана потенциалдуу тоскоолдуктарын баалоо;
- мамлекеттик органдарда, жарандык коомдо жана кен казып алуучу компанияларда өлчөөгө жана баалоого мүмкүн болгон так максаттары, убактылуу иш графиги жана орун алышы ыктымал тобокелди жана чектөөлөрдү реалдуу баалоосу менен Кыргыз Республикасында КТАД боюнча биргелешкен иштөө планын бекитүү;
- кен казып алуучу компаниялар менен мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдардын долбоорлорун жактыруу;
- кен казып алуучу компаниялардын жана мамлекеттик органдардын отчетторун ар жылы салыштырып текшерүү үчүн көз карандысыз компанияны тандоо сынагынын жыйынтыктарын бекитүү;
- Кыргыз Республикасында КТАДды киргизүү прогрессин баалоо үчүн көз каранды эмес эл аралык баалоочуну (валидаторду) тандоо сынагынын жыйынтыктарын бекитүү;
- Кыргыз Республикасында КТАДцы жүзөгө ашыруу үчүн донордук жана башка демөөрчүлүк жардамды тартуу.
4. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- КТАДдын катчылыгынын жетекчисин, КТАДды жүзөгө ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерин өздөрүнүн жыйындарында угууга;
- Кыргыз Республикасында КТАДды жүзөгө ашыруу үчүн донордук жана башка демөөрчүлүк жардамды тартууга.
3. Кеңештин ишин уюштуруу
5. Кеңештин жыйындары зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
6. Кеңештин жыйындары, эгерде ага Кеңештин курамынан үчтөн эки бөлүгү, анын ичинде мамлекеттик органдардан, кен казып алуучу компаниялардан жана коомдук бирикмелерден келген үчтөн кем эмес өкүл катышса, ал укуктуу болуп эсептелет.
7. Кеңештин мүчөлөрү чечим макулдашуунун негизинде кабыл алат. Зарыл болгон учурда Кеңештин чечими "кызыкдар тараптардын бир тобу - бир добуш" принциби менен добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана кен казып алуу тармагынын ачыктык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына иштелип чыккан сунуштары же рекомендациялары бар протоколдор түрүндө таризделет. Добуш берүү сырттан жазуу түрүндө жүргүзүшү мүмкүн.
8. Кеңештин курамы кызмат орундары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат. Кеңештин мүчөлөрүнүн жеке курамы мамлекеттик органдардын, кен казып алуучу компаниялардын жана коомдук бирикмелердин сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин буйругу менен аныкталат. Кен казып алуучу компаниялардан жана коомдук бирикмелерден дайындалган Кеңештин мүчөлөрү жаңы мүчөлөрдү өз алдынча чакырууга жана аларды ачык-айкын тартипте жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кайра шайлоого укуктуу, мында Кеңештин курамы өзгөргөндүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине кабарлоо жиберет.
9. Кеңештин алдында анын жумушчу органы болуп саналган жана Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылган КТАДдын Катчылыгы түзүлөт.
4. КТАДдын Катчылыгынын функциялары
10. КТАДдын Катчылыгынын функциялары:
- мамлекеттик органдардан КТАД боюнча отчетторду жыйноо жана талдоо;
- КТАД боюнча отчетторду кеңири жайылтуу үчүн коомчулук менен байланыш стратегиясын, ошондой эле Кеңештин жыйындарынын протоколдорун даярдоо жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде КТАД боюнча маалыматтын талап кылынган көлөмүн толук камсыз кылуу үчүн рекомендацияларды талдоо жана даярдоо;
- КТАДдын Катчылыгынын веб-сайтын түзүү жана колдоо, веб-сайттын мазмунун дайыма жаңыртуу жана иштөөсүнүн интерактивдүү режимин камсыздоо;
- КТАД боюнча консультацияларды жүргүзүү жана КТАДдын принциптерин түшүндүрүү максатында мамлекеттик органдардын, кен казып алуучу компаниялардын, коомдук бирикмелердин, жалпыга маалымдоо каражаттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү менен өнөктөштүк байланыштарды колдоо;
- КТАДдын Катчылыгы менен кен казып алуучу компаниялардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдардын долбоорлорун даярдоо;
- КТАД боюнча отчеттордун эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;
- текшерүү боюнча көз карандысыз компанияны тандоо үчүн тендерлерди жүргүзүү;
- учурдагы иштерге мониторинг жана КТАДдын Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө тийгизген таасирин баалоо;
- мамлекеттик жана расмий тилдерде отчетторду жана аналитикалык материалдарды белгиленген тартипте жарыялоо.