Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры N 317
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 879, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин принциптерин жүзөгө ашыруу процессин андан ары өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүндөгү жана курамындагы өзгөртүүлөргө жана бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде кен казып алуучу компаниялардын, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ченемдик укуктук базасын жаңыртуу зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- кен казып алуучу компаниялар үчүн Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин (мындан ары - КТАД) алкагындагы отчеттуулуктун индикаторлору 3-тиркемеге ылайык;
- мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча ар жылдык отчеттун формасы 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча жылдык администрациялык статистикалык отчеттун формасы (N 4-КТАД формасы) 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана тапшыруу боюнча нускама (N 4-КТАД формасы) 6-тиркемеге ылайык.
Мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагы жөнүндө статистикалык маалымат боюнча жылдык отчеттун формасы, 7-тиркемеге ылайык
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
3. КТАДды жүзөгө ашыруу милдеттерин координациялоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
4. Минималдык чектелген деңгээлдеги жылдык кирешеси 1 (бир) млн. АКШ долларын түзгөн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча отчеттор жана мамлекеттик органдардын тиешелүү маалыматтары көз карандысыз компания тарабынан текшерүүгө алынаары; жылдык кирешеси чектелген деңгээлден төмөн кен казып алуучу компаниялардын отчеттору текшерүүсүз берилери белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети:
- бардык кен казып алуучу компаниялар Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча ар жылдык отчетторун отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майына карата даярдап жана тапшыруусун камсыз кылсын;
- жыл сайын жылдык кирешеси 1 (бир) млн. АКШ долларын түзгөн кен казып алуучу компаниялардын тизмесин (мындан ары - КТАД компанияларынын тизмеси) түзүп жана аны КТАДды жүзөгө ашырууга катышкан мамлекеттик органдарга берсин;
- жыл сайын КТАД компанияларынын тизмесине ылайык кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча өзүнчө отчетторду маалыматтарды текшерүүчү көз каранды эмес компанияга берсин;
- КТАД компанияларынын тизмесине киргизилген компаниялар финансылык агымдары боюнча отчетту тапшырууга жазуу түрүндөгү макулдугун берүүсүн камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, райондордун мамлекеттик администрациялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майына карата маалыматтарды текшерүү боюнча көз каранды эмес компанияга берүү үчүн КТАД компанияларынын тизмесине ылайык мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен финансылык агымдар боюнча жылдык отчеттун толтурулган формаларын Кыргыз Республикасында КТАДды жүзөгө ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин алдындагы КТАДдын Секретариатына тапшырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 879 токтомунун редакциясына ылайык)
6-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагы жөнүндө статистикалык маалымат боюнча жылдык отчеттун толтурган формасын Кыргыз Республикасында КТАД ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин алдындагы КТАД катчылыгына 7-тиркемеге ылайык берип туруу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-майындагы № 361 "Кен казып алуу тармагынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугун жогорулатууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-сентябрындагы № 710 "Кен казып алуу тармагында ачыктыкты жогорулатуунун демилгесинин принциптерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын кен казып алуу секторундагы ишканалардын ишинен алынуучу финансылык агымдардын маалыматын ачыкка чыгаруу боюнча отчеттуулуктун индикаторлорун (типтүү формаларын) бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-августундагы № 435-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-июлундагы № 382 "Кен казып алуу тармагынын иштеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтому.
8. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-декабры № 879 токтомдун редакциясына ылайык)
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 14-декабрында N 113 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| Р.Отунбаева |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу боюнча байкоочу кеңештин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кен казуучу компаниялардан 5 өкүл (макулдашуу боюнча);
коомдук бирикмелерден 5 өкүл (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен 2 депутат (макулдашуу боюнча).
3-тиркеме
Кен казып алуучу компаниялар үчүн Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесинин алкагындагы отчеттуулуктун ИНДИКАТОРЛОРУ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
1-таблица. Салыктык чегерүүлөр
Салыктык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
Жеке жактардан алынуучу киреше салыгы | 01 |
|
Пайдадан алынуучу салык | 02 |
|
Жер салыгы | 03 |
|
Алтын казып алуучу компаниялардын кирешесине салык | 04 |
|
Мүлк салыгы | 05 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгы | 06 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 07 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга акциздик салык | 08 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 09 |
|
Сатуудан алынуучу салык | 10 |
|
Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактардын кирешелерине салык | 11 |
|
Бонустар | 12 |
|
Роялти | 13 |
|
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалардан жалпы кирешеге салык | 14 |
|
Башка салыктар | 15 |
|
2-таблица. Бажылык чегерүүлөр
Бажылык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык ББТ колдонулган ставка боюнча төлөнгөн жана эсепке алынган ташып киргизүүдөгү бажы алымдары | 16 |
|
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык төлөнгөн жана эсепке алынган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алым | 17 |
|
Ташып чыгаруудагы бажылык алым | 18 |
|
Бажылык тариздөөгө жыйымдар | 19 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 20 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 21 |
|
3-таблица. Башка олуттуу чегерүүлөр
Төлөмдөрдүн аталышы | Саптын коду | Миң сом |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр | 22 |
|
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөр | 23 |
|
Концессия үчүн төлөм | 24 |
|
Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер(*) | 25 |
|
Компания сатып алган мамлекеттик үлүштүн төлөмү(*) | 26 |
|
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жердин ижара акысы, токой фондунун тилкелеринин ижара төлөмү | 27 |
|
Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 28 |
|
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 29 |
|
Жер участокторун берүүдө алынбай калган пайданын ордун толтуруу | 30 |
|
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап калуу үчүн төлөм | 31 |
|
Айлана-чөйрөнү булгоо жана айлана чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөм | 32 |
|
Лицензия берүү үчүн төлөм | 33 |
|
Күбөлүктөрдү жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн төлөм | 34 |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерде белгиленген төлөмдөр | 35 |
|
(*) Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар үчүн.
4-таблица. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кошумча чыгымдары
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Саптын коду | Миң сом |
Билим берүүнү колдоо | 36 |
|
Социалдык инфраструктураны колдоо | 37 |
|
Рекультивациялык фондго чегерүүлөр | 38 |
|
Социалдык пакетке чегерүүлөр | 39 |
|
Башка кайтарымсыз төлөөлөр (аталыштарын көрсөтүү) | 40 |
|
Кыскартуулардын тизмеси:
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ББТ | - | Бирдиктүү бажы тарифи. |
4-тиркеме
Мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча ар жылдык отчеттун ФОРМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
1-таблица. Салыктык чегерүүлөр (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы үчүн)
Салык төлөөчүнүн аталышы _________________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН _____________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери ______________________________________________
Салыктык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
Жеке жактардан алынуучу киреше салыгы | 01 |
|
Пайдадан алынуучу салык | 02 |
|
Жер салыгы | 03 |
|
Алтын казып алуучу компаниялардын кирешесине салык | 04 |
|
Мүлк салыгы | 05 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгы | 06 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 07 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга акциздик салык | 08 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 09 |
|
Сатуудан алынуучу салык | 10 |
|
Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактардын кирешелерине салык | 11 |
|
Бонустар | 12 |
|
Роялти | 13 |
|
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалардан жалпы кирешеге салык | 14 |
|
Башка салыктар | 15 |
|
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | ______________________ (колу) | (аты-жөнү) |
2-таблица. Бажы төлөмдөрү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн)
Салык төлөөчүнүн аталышы _______________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН ___________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери _____________________________________________
Бажылык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык ББТ колдонулган ставка боюнча төлөнгөн жана эсепке алынган ташып киргизүүдөгү бажы алымдары | 16 |
|
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык төлөнгөн жана эсепке алынган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алым | 17 |
|
Ташып чыгаруудагы бажылык алым | 18 |
|
Бажылык тариздөөгө жыйымдар | 19 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 20 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 21 |
|
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | _______________________ (колу) | (аты-жөнү) |
3-таблица. Башка олуттуу төлөмдөр
Салык төлөөчүнүн аталышы ______________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН __________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери ____________________________________________
Төлөмдөрдүн аталышы | Саптын коду | Миң сом | Отчет берүүчү мамлекеттик органдар |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр | 22 |
| Соцфонд |
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөр | 23 |
| МСК |
Концессия үчүн төлөм | 24 |
| ӨЭЖПМК |
Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер(*) | 25 |
| ММБФ |
Компания сатып алган мамлекеттик үлүштүн төлөмү(*) | 26 |
| ММБФ |
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жердин ижара акысы, токой фондунун участокторунун ижара төлөмү | 27 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги |
Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 28 |
| Мамкаттоо |
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 29 |
| Токой агенттиги |
Жер участокторун берүүдө алынбай калган пайданын ордун толтуруу | 30 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги |
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап калуу үчүн төлөм | 31 |
| ӨЭЖПМК |
Айлана-чөйрөнү булгоо жана айлана чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөм | 32 |
| Токой агенттиги |
Лицензия берүү үчүн төлөм | 33 |
| ӨЭЖПМК, Экотехинспекция |
Күбөлүктөрдү жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн төлөм | 34 |
| Экотехинспекция |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерде белгиленген төлөмдөр | 35 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
(*) Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар үчүн.
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | ______________________ (колу) | (аты-жөнү) |
Кыскартуулардын тизмеси:
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ӨЭЖПМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ББТ | - | Бирдиктүү бажы тарифи |
СИН | - | салык төлөөчүнүн идентификациялык номери. |
5-тиркеме
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК СТАТИСТИКАЛЫК ОТЧЕТТУУЛУК "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык |
| АДМИНИСТРАТИВНАЯ СТАТИСТИЧЕСКАЯ ОТЧЕТНОСТЬ в соответствии с Законом Кыргызской Республики "О государственной статистике" |
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
Купуялык кепилденет | Конфиденциальность гарантируется |
Маалыматтарды берүү тартибин, мөөнөтүн бузуу, аны бурмалоо, купуялыгын сактабоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартууга алып келет | Нарушение порядка, сроков представления информации, ее искажение и несоблюдение конфиденциальности влечет ответственность, установленную законодательством Кыргызской Республики |
№ 4-КТАД формасы | Форма N 4-ИПДО | 6034074 |
ГКУД
Почталык-жылдык | Почтовая-годовая | 6034074 |
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашылды 20__-жылдын "__" _________ | Согласована с Национальным статистическим комитетом Кыргызской Республики "__" ________ 20__года |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20__-жылдын "__" ________ № ____ токтому менен бекитилген | Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от "__" _________ 20__ года № ____ |
ОТЧЕТ
20__-жыл үчүн Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын иш-аракеттеринен пайда болгон финансылык агымдар боюнча | по финансовым потокам от деятельности добывающих компаний в Кыргызской Республике за 20__ г. |
уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан пайдалуу кен чыккан жерди иштетүүгө лицензиясы бар компаниялар Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине отчеттук жылдан кийин 15-майга чейин ТАПШЫРАТ | ПРЕДОСТАВЛЯЮТ компании, имеющие лицензию на разработку месторождений полезных ископаемых, независимо от организационно-правовой формы и формы собственности до 15 мая после отчетного года в Государственный комитет промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики |
Отчет накталай акча каражаттарын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизинде) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлөт | Отчет составляется на основе учета наличных денежных средств (на кассовой основе) в национальной валюте Кыргызской Республики |
ОКПО
Ишкананын, уюмдун аталышы | Наименование предприятия, организации |
|
|
Ишкананын коду | Код предприятия |
|
|
СОАТЕ
Аймагы (облусу, району, шаары, калктуу конушу) | Территория (область, район, город, нас. пункт) |
|
|
Дареги (почта индекси, көчөсү, үй №) | Адрес (почтовый индекс, улица, N дома) |
|
|
Телефон | Телефон |
|
|
E-mail (электрондук почта) | E-mail (электронная почта) |
|
|
ГКЭД
Экономикалык иш-аракеттин иш жүзүндөгү түрү (негизги) | Фактический вид экономической деятельности (основной) |
|
|
"__" ____________ 20__-ж. (г.)
М.О. М.П. ___________________________
байланышуучу телефон ________________ (контактный телефон)
Жетекчи
Руководитель _________________________________ ______________
аты-жөнү (ФИО) _________________________________ колу (подпись)
Башкы бухгалтер
Главный бухгалтер ____________________________ ______________
аты-жөнү (ФИО) _________________________________ колу (подпись)
Администрациялык статистикалык отчеттуулукту кабыл алуучу мамлекеттик органдын координаттары:
Координаты государственного органа, принимающего административную статистическую отчетность:
____________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Бишкек шаары, Эркиндик проспекти, 2
Государственный комитет промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики, город Бишкек, проспект Эркиндик, 2
Телефон _________________, факс _______________, e-mail ________________
1-таблица. Салыктык чегерүүлөр (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы үчүн)
Салык төлөөчүнүн аталышы _______________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН ____________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери _____________________________________________
Салыктык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
Жеке жактардан алынуучу киреше салыгы | 01 |
|
Пайдадан алынуучу салык | 02 |
|
Жер салыгы | 03 |
|
Алтын казып алуучу компаниялардын кирешесине салык | 04 |
|
Мүлк салыгы | 05 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгы | 06 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 07 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга акциздик салык | 08 |
|
Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 09 |
|
Сатуудан алынуучу салык | 10 |
|
Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактардын кирешелерине салык | 11 |
|
Бонустар | 12 |
|
Роялти | 13 |
|
Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканалардан жалпы кирешеге салык | 14 |
|
Башка салыктар | 15 |
|
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | _______________________ (колу) | (аты-жөнү) |
2-таблица. Бажылык төлөмдөр (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн)
Салык төлөөчүнүн аталышы _______________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН ____________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери ____________________________________________
Бажылык төлөмдөр | Саптын коду | Миң сом |
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык ББТ колдонулган ставка боюнча төлөнгөн жана эсепке алынган ташып киргизүүдөгү бажы алымдары | 16 |
|
ЕАЭБ жөнүндө келишимге кошулуу тууралуу келишимге ылайык төлөнгөн жана эсепке алынган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алым | 17 |
|
Ташып чыгаруудагы бажылык алым | 18 |
|
Бажылык тариздөөгө жыйымдар | 19 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга акциздик салык | 20 |
|
Үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарларга кошумча нарк салыгы | 21 |
|
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | ________________________ (колу) | (аты-жөнү) |
3-таблица. Башка олуттуу төлөмдөр
Салык төлөөчүнүн аталышы ________________________________________________
Салык төлөөчүнүн СИН _____________________________________________________
Салыктык (эсептик) каттоо жери _____________________________________________
Төлөмдөрдүн аталышы | Саптын коду | Миң сом | Отчет берүүчү мамлекеттик органдар |
Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр | 22 |
| Соцфонд |
Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана кармоого чегерүүлөр | 23 |
| МСК |
Концессия үчүн төлөм | 24 |
| ӨЭЖПМК |
Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер(*) | 25 |
| ММБФ |
Компания сатып алган мамлекеттик үлүштүн төлөмү(*) | 26 |
| ММБФ |
Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жердин ижара акысы, токой фондунун тилкелеринин ижара төлөмү | 27 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги |
Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 28 |
| Мамкаттоо |
Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу | 29 |
| Токой агенттиги |
Жер участокторун берүүдө алынбай калган пайданын ордун толтуруу | 30 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Токой агенттиги |
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап калуу үчүн төлөм | 31 |
| ӨЭЖПМК |
Айлана-чөйрөнү булгоо жана айлана чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөм | 32 |
| Токой агенттиги |
Лицензия берүү үчүн төлөм | 33 |
| ӨЭЖПМК, Экотехинспекция |
Күбөлүктөрдү жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн төлөм | 34 |
| Экотехинспекция |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерде белгиленген төлөмдөр | 35 |
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
(*) Мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканалар үчүн.
Эскертүү:
Отчет накталай акча каражаттарынын эсепке алуунун негизинде (кассалык негизде) берилет.
Биз Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана берүү нускамасына ылайык ушул отчеттогу маалыматтын тууралыгына өзүбүздүн жоопкерчилигибизди ырастайбыз.
Жетекчинин кызмат орду | ________________________ (колу) | (аты-жөнү) |
Кыскартуулардын тизмеси:
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ӨЭЖПМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги |
Экотехинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ББТ | - | Бирдиктүү бажы тарифи |
СИН | - | салык төлөөчүнүн идентификациялык номери. |
6-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы N 317 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана тапшыруу НУСКАМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту даярдоо жана тапшыруу нускамасы (мындан ары - Нускама) Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин (мындан ары - КТАД) жүзөгө ашыруунун алкагында кен казып алуучу компаниялардын ишинен пайда болгон финансылык агымдар боюнча отчетту (мындан ары - Отчет) даярдоо үчүн иштелип чыккан.
2. Отчетту төмөнкүлөр тапшырат:
- менчигинин түрүнө, уюштуруу-укуктук формасына, ведомстволук караштуулугуна жана экономикалык ишинин түрүнө карабастан пайдалуу кен чыккан жерди иштетүүгө лицензиясы бар юридикалык жактар (мындан ары - компаниялар) - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине;
- Отчетту даярдоодо катышкан мамлекеттик органдар - КТАДдын катчылыгына.
3. Компаниялар жана мамлекеттик органдар календардык жылдагы мезгил үчүн Отчет даярдап, аны отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майына чейин тапшырат.
4. Мамлекеттик органдар ар бир компания боюнча Отчетту өзүнчө бланкта даярдашат.
5. Компания тапшырган Отчетко компаниянын атынан Отчетко кол коюуга ыйгарым укуктуу компаниянын кызмат адамы жана компаниянын башкы бухгалтери/бухгалтери кол коюшат. Коюлган колдор компаниянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
6. Мамлекеттик орган тапшырган Отчетко мамлекеттик органдын атынан Отчетко кол коюуга ыйгарым укуктуу кызмат адамы кол коет жана ал мамлекеттик органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
7. Тапшырылгандан кийин Отчетто техникалык каталар табылган учурда компания/мамлекеттик орган ушул Нускаманын 5 жана 6-пункттарында аныкталган тартипте күбөлөндүрүлгөн жаңы Отчетту даярдап, кечиктирбестен алгачкы Отчет тапшырылган органга жөнөтөт. Жаңы Отчеттун бланкында жаңы дата көрсөтүлөт жана "мурун тапшырылган Отчеттун ордуна" деген жазуу келтирилет жана алгачкы Отчеттун күнү көрсөтүлөт.
8. Отчет кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө (Excel форматында) тапшырылат, басма тамга түрүндө так жана даана толтурулат. Сандарды жана жазууларды оңдоого жол берилбейт. Отчеттун бланкында каралган бардык көрсөткүчтөр толтурулат. Тигил же бул беренелер (саптар, графалар) көрсөткүчтөрдүн жоктугунан толтурулбай калса, анда ошол берене (сап, графа) чийилип салынат.
9. Отчет накталай акчанын эсебинин негизинде (кассалык негизде) түзүлөт. Отчетко киргизилген көрсөткүчтөрдүн бардыгы боюнча төлөө күнү отчеттук жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилдин ичинде болгон чегерүүлөрдүн, төлөмдөрдүн жана жыйымдардын суммасы көрсөтүлөт. Мамлекеттик органдардын эсебине төлөмдүн качан которулгандыгына карабастан, төлөө күнү компаниянын төлөм документтери боюнча аныкталат.
10. Отчетко төлөө ыкмасына карабастан (алуучунун эсебине төлөмдү түздөн-түз берүү менен, компаниянын банк эсептеринен которуу менен, компания үчүн үчүнчү жактын төлөөсү менен, компаниянын салык жана бажы органдарындагы депозиттик эсебинен төлөмдү которуу менен) иш жүзүндө төлөнгөн бардык төлөмдөр киргизилет. Бир салык жана бажы милдеттенмелери боюнча ашыкча төлөөлөрдү бөлөк милдеттенмелерди төлөөгө жумшалган эсептешүүлөр, ушул сыяктуу эле бажы жана салык төлөмдөрүнүн ортосундагы эсептешүүлөр отчетко киргизилбейт.
11. Отчет улуттук валюта - кыргыз сому менен түзүлөт. Өлчөө бирдиги - үтүрдөн кийинки бир ондук белгиси менен миң сом.
12. Компания даярдаган отчеттогу чет өлкөлүк валютада жүргүзүлгөн төлөмдөр ушул Нускаманын 9-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте аныктала турган төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча улуттук валютага кайра эсептөө менен чагылдырылат.
13. Мамлекеттик орган даярдаган отчеттогу чет өлкөлүк валютада алынган төлөмдөр чет өлкөлүк валютаны конвертирлөөдөн алынган суммада улуттук валютада чагылдырылат.
14. Отчеттун 1-3-таблицаларынын ар бир сабы боюнча көрсөткүчтөрү негизги төлөмдүн суммаларын, ошондой эле мыйзамдарды бузууга байланыштуу отчеттук мезгилде төлөнгөн, администрациялык айыптардан сырткары, алар менен байланышкан пайыздарды, үстөктөрдү жана башка финансылык санкцияларды өзүнө камтыйт.
15. Төлөмдөр жөнүндө маалымат Отчетто жалпысынан отчет берүүчү компания боюнча, анын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрү (филиалдары, өкүлчүлүктөрү) төлөгөн төлөмдөрдү эске алуу менен берилет.
16. Мамлекеттик органдар Отчетко компания төлөгөн бардык төлөмдөрдү, аталган мамлекеттик органдын кайсы аймактык бөлүмдөрү алганына же башкарганына карабастан киргизишет.
2. Отчеттун формасын толтуруу тартиби "1-таблица. Салыктык чегерүүлөр"
17. 01-12-саптары боюнча 2009-жылдын 1-январында күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген салыктардын түрлөрү боюнча салыктык чегерүүлөр (төлөмдөр) чагылдырылат.
18. "Жеке жактардан алынуучу киреше салыгы" 01-сабы боюнча, жеке жактарга (резиденттерге жана резидент эместерге) кирешелерди төлөөдө кармап калынган компания төлөгөн салыктын суммасы чагылдырылат.
19. "Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактардын кирешелерине салык" 11-сабы боюнча Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдарга кирешелерди төлөөдө кармап алынган компания төлөгөн салыктын суммасы чагылдырылат.
20. 13-14-саптары боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгилегенден айырмаланган, компаниянын иш-аракеттерине салынуучу салыктын өзгөчө режимин караган компаниянын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзгөн макулдашууларына ылайык төлөнгөн (алынган) салыктык чегерүүлөр чагылдырылат. Эгерде макулдашууларда каралган салыктык чегерүүлөрдүн аталыштары 13-14-саптарда көрсөтүлгөн беренелердин аталышынан айырмаланса, анда бул чегерүүлөр (төлөмдөр) "Башка салыктар жана жыйымдар" 15-сабында чагылдырылат.
21. 15-сабы боюнча салык мыйзамдарынын (автомобиль жолдорун пайдалануу үчүн салык, Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу фондуна чегерүүлөр, жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, жана кайра өндүрүүгө чегерүүлөр) өзгөрүшүнө байланыштуу жоюлуп кеткен салыктар боюнча отчеттук жылда төлөнгөн (алынган) салыктык чегерүүлөр (төлөмдөр), ошондой эле 12-14-саптарга киргизилбеген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн макулдашууларга ылайык төлөнгөн (алынган) салыктык чегерүүлөр чагылдырылат.
3. Отчеттун формасын толтуруу тартиби "2-таблица. Бажылык чегерүүлөр"
22. "Бажы айланасындагы" кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр (түшүүлөр) Отчетко киргизилбейт.
4. Отчеттун формасын толтуруу тартиби "3-таблица. Башка олуттуу чегерүүлөр"
23. 3-таблицада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компания төлөөчү салыктык жана бажылык чегерүүлөрдөн тышкары милдеттүү чегерүүлөр жана төлөмдөр чагылдырылат.
24. "Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр" 22-сабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык компания төлөгөн (алынган) камсыздандыруу салымдарынын суммасы, анын ичинде жеке жактарга киреше төлөөдө компания кармап калган камсыздандыруу салымдарынын суммасы чагылдырылат.
25. "Концессия үчүн төлөм" 24-сабы боюнча "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык компания-концессионер төлөгөн суммалар чагылдырылат.
26. "Акциялардын мамлекеттик пакетине чегерилген дивиденддер" 25-сабы боюнча менчик капиталында мамлекеттин үлүшү бар компания төлөгөн дивиденддердин суммасы чагылдырылат.
27. "Компания сатып алган мамлекеттик үлүштүн төлөмү" 26-сабы боюнча компания жана мамлекеттин атынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда түзүлгөн өзүнүн капиталындагы үлүштү сатып алуу-сатуу келишими боюнча компания төлөгөн суммалар чагылдырылат.
28. "Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жердин ижара акысы, токой фондунун участокторунун ижара төлөмү" 27-сабы боюнча жердин менчик ээси менен түзүлгөн ижара келишимдерине ылайык жер участогун пайдалануу үчүн компания берген ижара төлөмү чагылдырылат.
29. "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу" 28-сабы жана "Жер участокторун берүүдө алынбай калган пайда" 30-сабы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 "Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө" токтомуна ылайык төлөнгөн (алынган) суммалар көрсөтүлөт:
- компания төлөгөн жана компанияга айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн айыл чарба жерлерин берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алган төлөмдөрү;
- компаниялар тарабынан мурунку жер пайдалануучуларга төлөнгөн алынбай калган пайданын компенсациялары.
30. "Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу" 29-сабы боюнча компания төлөгөн жана компанияга башка керектөөлөр үчүн токой чарба жерлерин берүүгө байланышкан токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин аймактык бөлүмдөрүнүн алган төлөмдөрү чагылдырылат.
31. "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап калуу үчүн төлөм" 31-сабы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап калуу акысы иретинде компания төлөгөн төлөмдөр чагылдырылат.
32. "Айлана-чөйрөнү булгоо жана айлана-чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөм" 32-сабы боюнча төмөнкүлөр чагылдырылат:
- жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фонддорунун атайын эсебине зыяндуу заттарды чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу жана башка булгоонун түрлөрү жана жаратылышка тийгизген терс таасири үчүн компания төлөгөн төлөмдөр;
- жаратылышты коргоо мыйзамдары бузулгандыгына байланыштуу айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу иретинде ишканалардан алынуучу төлөмдөр.
33. "Лицензия берүү төлөмү" 33-сабы жана "Күбөлүктөрдү жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү төлөмү" 34-сабы боюнча лицензияларды, күбөлүктөрдү, макулдашууларды жана башка уруксат берүүчү документтерди алгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына компания берген төлөмдөр чагылдырылат.
34. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн макулдашууларда белгиленген төлөмдөр" 35-сабы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн макулдашууларга ылайык ушул макулдашууларда салыктык жана бажылык төлөмдөрү иретинде белгиленген төлөмдөрдөн тышкары, компания төлөгөн милдеттүү төлөмдөр, аймактык өнүктүрүү фонддоруна чегерүүлөр чагылдырылат.
5. Отчеттун формасын толтуруу тартиби "4-таблица. Компаниянын кошумча чыгымдары"
35. "Билим берүүнү колдоо" 36-сабы боюнча билим берүүгө кеткен чыгымдар жана чегерүүлөр чагылдырылат: айрым студенттерди окутуу үчүн төлөм, мектептерди жана интернаттарды каржылоо жана башкалар.
36. "Социалдык инфраструктураны колдоо" 37-сабы боюнча айыл жергесиндеги жолдорду, суу түтүктөрүн жана суу чорголорун курууга жана оңдоого, саламаттыкты сактоо мекемелерин колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам берүүгө, маданий, спорттук жана башка иш-чараларды колдоого (демөөрчүлүк кылууга) кеткен чыгымдар чагылдырылат.
37. "Рекультивациялык фондго чегерүүлөр" 38-сабы боюнча отчеттук мезгилде компаниянын атайын эсебине которулуучу жана рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн топтолуучу каражаттар чагылдырылат.
38. "Социалдык пакет үчүн чегерүүлөр" 39-сабы боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдарга багытталган каражаттар чагылдырылат.
39. "Башка кайтарымсыз төлөмдөр (аталыштарын көрсөтүү)" 40-сабы боюнча ыктыярдуу демөөрчүлүк, социалдык, кайрымдуулук же башка кайтарымсыз жардам катары коммерциялык эмес уюмдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, социалдык уюмдарга же башка уюмдарга компаниялардын берилген төлөмдөрү чагылдырылат.
7-тиркеме
Мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармагы жөнүндө статистикалык маалымат боюнча жылдык отчеттун ФОРМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 токтомунун редакциясына ылайык)
1-таблица. Кыргыз Республикасындагы кен казып алуу тармактары боюнча отчеттук мезгил үчүн статистикалык маалымат (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети үчүн)
Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Саптын коду | Өлчөө бирдиги | Отчеттук жыл үчүн |
Кыргыз Республикасынын ички дүң продуктусу (ИДП) | 01 | миң сом |
|
Пайдалуу кен казып алуу боюнча ишканалардын кошумча дүң наркы (КДН) | 02 | миң сом |
|
Негизги металлдарды чыгаруу боюнча ишканалардын кошумча дүң наркы (КДН) | 03 | миң сом |
|
Кыргыз Республикасынын ИДПсындагы пайдалуу кен казып алуу боюнча ишканалардын үлүшү | 04 | пайыз |
|
Кыргыз Республикасынын ИДПсындагы негизги металлдарды чыгаруу боюнча ишканалардын үлүшү | 05 | пайыз |
|
Пайдалуу кен казып алуу боюнча ишканалардын жумушчуларынын саны | 06 | киши |
|
Негизги металлдарды чыгаруу боюнча ишканалардын жумушчуларынын саны | 07 | киши |
|
Пайдалуу кен казып алуу боюнча ишканалардын жумушчуларынын орто эмгек акысы | 08 | сом |
|
Негизги металлдарды чыгаруу боюнча ишканалардын жумушчуларынын орто эмгек акысы | 09 | сом |
|
Учурдагы баада Кыргыз Республикасынын өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү | 10 | миң сом |
|
Өнөр жай продуктуларынын түрлөрү боюнча пайдалуу кен казып алуу боюнча ишканалардын өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмү | 11 | миң сом/ натурал түрдө |
|
Кыргыз Республикасында өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө пайдалуу кен казып алуу боюнча ишканалардын өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүнүн үлүшү | 12 | пайыз |
|
Кыргыз Республикасында өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө негизги металлдарды өндүрүү боюнча ишканалардын өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүнүн үлүшү | 13 | пайыз |
|
Кыргыз Республикасынын экспортунун көлөмү | 14 | миң сом |
|
Товарлардын түрлөрү жана региондор боюнча пайдалуу кен казып алуу боюнча ишканалардын экспортунун көлөмү | 15 | миң сом |
|
Товарлардын түрлөрү жана региондор боюнча экспорттун жалпы көлөмүндө пайдалуу кен казып алуу боюнча ишканалардын экспортунун үлүшү | 16 | пайыз |
|
2-таблица. Облустар боюнча кен казып алуу тармагынын көлөмү (Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети үчүн)
Кен продукциясынын түрү | Саптын коду | Өлчөө бирдиги | Накталай бирдик менен |
Көмүр жана лигнит | 1 |
|
|
Чийки мунай | 2 |
|
|
Жаратылыш газы | 3 |
|
|
Темир руда | 4 |
|
|
Түстүү металлдардын рудалары | 5 |
|
|
Алтын | 6 |
|
|