Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-декабры №329
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу маселелери тууралуу
2009-жылдын 1-декабрында Астана шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-февралындагы №29 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимге ылайык:
1. 2009-жылдын 1-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы аныкталсын.
2. Ижара акысын чегерүү үчүн эсеп болуп - Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын алыш-бериш эсеби аныкталсын.
3. Жогоруда аталган келишимге ылайык келип түшкөн ижара акысынын каражаттары жергиликтүү кеңеш бекиткен Тартип боюнча пайдаланылсын.
4. Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы Салык кодексинин 334-беренесинин 8-пунктуна ылайык жер пайдалануучулардын жер салыгын төлөөсүн жана тиешелүү аймактардын жергиликтүү бюджеттерине которулушун камсыздасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |