ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №329 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу маселелери тууралуу» токтому

Редакция17.12.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 17-декабры №329

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу маселелери тууралуу

2009-жылдын 1-декабрында Астана шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-февралындагы №29 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимге ылайык:

1. 2009-жылдын 1-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы аныкталсын.

2. Ижара акысын чегерүү үчүн эсеп болуп - Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын алыш-бериш эсеби аныкталсын.

3. Жогоруда аталган келишимге ылайык келип түшкөн ижара акысынын каражаттары жергиликтүү кеңеш бекиткен Тартип боюнча пайдаланылсын.

4. Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы Салык кодексинин 334-беренесинин 8-пунктуна ылайык жер пайдалануучулардын жер салыгын төлөөсүн жана тиешелүү аймактардын жергиликтүү бюджеттерине которулушун камсыздасын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева