Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №120 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-декабры №330
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 23-августундагы №143 "Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө статс-катчылардын институтунун ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №77 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Министр жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу министрдин орун басарларынын бирине жүктөлөт.";
- 12-пунктунда:
бешинчи абзацындагы "статс-катчынын," деген сөз алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статс-катчыга Министрликтин компетенциясына киргизилген айрым функционалдык милдеттерди аткарууну жүктөйт;";
тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- ведомстволук караштуу мекемелердин мамлекеттик кызматчы болуп эсептелбеген жетекчилерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт;";
онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- мыйзамда белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин аймактык жана ведомстволук караштуу мекемелеринин кызматкерлерин кызматтан бошотот;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-1 пункт менен толукталсын:
"12-1. Статс-катчы белгиленген тартипте министр менен макулдашуу боюнча:
- Министрликтин администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларын которуштурууну жана ротациялоону жүргүзөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |