Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №120 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 10-июну УӨ №77
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө
2010-жылдын 26-апрелиндеги №26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигин башкаруу схемасы.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- министрликтин эң көп штаттык бирдиги 193, анын ичинде борбордук аппарат 52, караштуу бөлүкчөлөр 11, аймактык бөлүмчөлөр 130 бирдикти түзөрү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары ушул токтомго каршы келбеген бөлүгүндө колдонулары.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдындаты Мамлекеттик китеп палатасы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик китеп палатасына кайра түзүлсүн:
4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2009-жылдын 24-ноябрындагы №715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2010-жылдын 12-декабрындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги жөнүндө" 2009-жылдын 24-ноябрындагы №715 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №77 токтому менен бекитилген |
┌───────────────────┐ ┌──────────┐
│ Борбордук аппарат ├───>│ Коллегия │
└────────┬──────────┘ └──────────┘
│
┌──────────────┬──────────────┴─────────────────┬─────────────────┐
│ │ │ │
│ v v │
│ ┌───────────────────────┐ ┌──────────────────────────────┐ │
│ │Маалымат жана басма сөз│ │Шаардык жана райондук маданият│ │
│ │ департаменти │ │ башкармалыктары, бөлүмдөрү │ │
│ └───────────────────────┘ └──────────────────────────────┘ │
│ │
└──────────────┐ ┌─────────────┘
│ │
┌──────────────────────────────────────┐ ┌─────────────────────────┐
│Министрликке караштуу мекемелер: │ │ Маданият жана искусство │
│театрлар, филармониялар, китепканалар,│ │ окуу жайлары: │
│музейлер, маданият үйлөр, клубдар, │ │Жогорку окуу жайлары, │
│маданият жана эс алуу парктары, │ │кесиптик орто окуу │
│тарыхый жана маданий эстеликтер, │ │жайлары, М.Абдраев │
│Кыргыз мамлекеттик цирки, тарыхый │ │атындагы Республикалык │
│жана маданий эстеликтерди коргоо │ │атайын орто музыкалык │
│боюнча Республикалык инспекция, │ │жатак-мектеби, балдар │
│Мамлекеттик китеп палатасы, │ │музыкалык мектептери, │
│"Кыргызреставрация" илимий-изилдөө │ │балдар көркөм мектептери,│
│долбоорлоо бюросу, Улуттук маданий │ │балдар искусство │
│борбор, "Манас ордо" Улуттук │ │мектептери, │
│комплекси, "Сулайман-Тоо" улуттук │ │квалификацияларды │
│тарыхый-археологиялык музей │ │жогорулатуу факультети, │
│комплекси, Достук үйү дирекциясы, │ │№ 57 жана № 167 бала │
│"Байчечекей" жана "Кырчын" │ │бакчалары │
│журналдарынын редакциялары, │ └─────────────────────────┘
│"Шах Фазил" мамлекеттик │
│тарыхый-маданий корук-музейи │
└──────────────────────────────────────┘