Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-декабры № 343
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишин өркүндөтүүгө багытталган администрациялык реформаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктта:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-июнундагы № 314 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитеттин Бажы кызматы департаментинин Энергетикалык бажыканасын түзүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (мындан ары - МБК) Кыргыз Республикасындагы бажы иштерине тикеден-тике жетекчиликти жүзөгө ашырган жана куралдуу укук коргоо органынын статусуна ээ болгон аткаруучу бийликтин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. МБК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. МБК юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ачылган эсептери болот.
4. МБКны каржылоо мыйзамдарда каралган булактардын жана каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. МБКнын милдеттери
5. МБКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- тышкы экономикалык иш субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттар аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү;
- мамлекеттин экономикасына инвестицияларды көбөйтүүгө өбөлгө түзүүчү бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу;
- бажы мыйзамдарын өркүндөтүү жана алардын аткарылышын камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө мамлекеттик коопсуздукту, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин бажы ишине тийиштүү бөлүгүн аткарууну камсыз кылуу.
3. МБКнын функциялары
6. МБК өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
а) товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салуу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын бажы чек арасындагы өткөрмө пункттар аркылуу өткөрүлүүчү, анын ичинде эркин экономикалык зоналарынын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына, ошондой эле мыйзамдар менен белгиленген тартипте өткөрүүнүн өзгөчө шарттары колдонулган товарларга карата бажы жол-жоболорун, бажы төлөмдөрүн жана бажы контролун колдонууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын бажы чек арасындагы өткөрмө пункттар аркылуу өткөрүлүүчү товарларга, анын ичинде эркин экономикалык зоналарынын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата бажы ишинин чараларын иштеп чыгууга катышат жана өзүнүн компетенциясынын чегинде ал чараларды ишке ашырууну уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу, анын ичинде эркин экономикалык зоналарынын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү жол-жоболорун өркүндөтүү жана жөнөкөйлөштүрүү жөнүндөгү сунуштарды иштеп чыгат жана белгилеген тартипте киргизет;
- өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жайларында функциялардын кайталануусун жоюу жаатында мамлекеттик контроль жүргүзүүчү органдардын функцияларын координациялайт;
- бажы инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн чараларды иштеп чыгат жана шарттарды түзөт;
- бажыга байланыштуу тейлөө жаатындагы жактардын ишин жөнгө салат;
- бажы органдарынын бажы иши жаатындагы мыйзамдардын ченемдерин бир түрлүү колдонуусуна контроль жүргүзөт;
- товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, айлана-чөйрөнү коргоо, ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга бажы органдарынын катышуусун камсыз кылат;
- чет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен бажы мыйзамдарын бир түргө жана шайкеш келтирүү жаатында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин бажы иштерине тиешелүү бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасында бажы иши жөнүндө мыйзамдарды колдонуу практикасын жалпылайт жана талдоо жүргүзөт;
б) бажы статистикасын түзүү жана жүргүзүү функциясы:
- бажы иши жаатындагы статистикалык маалыматтарды жыйноо, иштеп чыгуу жана талдоо иштерин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын өз ара соодасынын жана анын тышкы соода өнөктөрүнүн маалыматтарын салыштырууну камсыз кылган методологияга ылайык тышкы сооданын бажы статистикасын жана Кыргыз Республикасынын атайын бажы статистикасын жүргүзөт;
- тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын расмий жарыялоону жүзөгө ашырат;
- мыйзамдарга ылайык тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын жүргүзөт;
в) бажылык укук бузууларды алдын алуу жана болтурбоо функциялары:
- бажы иши жаатындагы укук бузууларды болтурбоону мыйзамдарда белгиленген тартипте, анын ичинде башка укук коргоо органдары менен бирдикте чаралардын тутумун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен жүргүзөт;
- мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында бажылык укук бузуулар жана кылмыштар боюнча маалыматтарды жыйнайт жана талдайт;
- бажы чөйрөсүндөгү укук бузуулар жана кылмыш иштери өндүрүшүндө, изин суутпай-издөөнү жүзөгө ашырууда бажы органдарынын мыйзамдын ченемдеринин сактоосуна контроль жүргүзөт;
- бажы чөйрөсүндөгү укук бузуулар жана кылмыштар иштери өндүрүшү боюнча методология жүргүзөт;
- чет мамлекеттик бажы жана башка компетенттүү органдар менен бажылык укук бузууда жана кылмыштарды табуу жана болтурбоо жаатында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү жүргүзөт;
г) көмөкчү функциялар:
- мыйзамдарга ылайык бажы маселелери боюнча маалыматтар менен камсыздоо тутумун түзөт жана иши товарлар менен тышкы соода жүргүзүүгө байланышкан тышкы экономикалык байланыштын катышуучулары жана алардын кесипкөй бирикмелери (ассоциациялары) менен консультативдик мүнөздөгү расмий мамилелерди түзөт;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте жактардын арызданууларын жана кайрылууларын өз убагында жана толук кароону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын бирдиктүү автоматташтырылган маалымат тутумун түзүүнү, иштетүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;
- башка мамлекеттик бийлик органдары менен маалыматтык өз ара аракеттенүү жаатында кызматташууну жүргүзөт;
- бажы органдарынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын түзөт жана өнүктүрөт;
- ички контроль тутумунун натыйжалуулугун жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугун баалайт, МБКнын компетенциясынын чегинде баалоонун натыйжалары боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- мыйзамдарда жүктөлгөн башка функцияларды аткарат.
4. МБКнын укуктары
7. МБК төмөнкү укуктарга ээ:
- мамлекеттик органдардан жана башка менчик түрүнө карабай юридикалык жана жеке жактардан өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды суроого жана алууга;
- мыйзамдарга ылайык тышкы экономикалык иштин катышуучуларын бажы иши маселелери боюнча текшерүүнү жүзөгө ашырууга;
- бажы иши жаатында уруксат берүү жагындагы иш-чараларды жүргүзүүгө;
- мыйзамдарда каралган учурларда лицензияларды, квалификациялык аттестаттарды берүүгө, колдонуусун токтотууга жана чакырып алууга;
- мыйзамдарга ылайык бажы органдары тергөөсүнө караштуу иштер боюнча тергөө функцияларын аткарууга;
- бажы иши жаатында оперативдүү-издөө иштерин жүргүзүүгө;
- эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө көмөктөшүүгө;
- бажы ишине тийиштүү маселелер боюнча мамлекеттер аралык интеграциялык бирикмелердин ишине катышууга;
- Кыргыз Республикасына бажы ишине тийиштүү маселелерди чечүү үчүн келген чет мамлекеттик делегацияларды белгиленген тартипте кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасында бажы ишин өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоону жүзөгө ашырууга, белгиленген тартипте мүлктү, анын ичинде ведомствого караштуу бөлүктөрдүн мүлкүн, МБКнын бажы кызматын өнүктүрүү фондун жана мыйзамдарда каралган башка булактарды башкарууга жана тескөөгө;
- мыйзамдарга ылайык товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууга;
- бажы иши маселелери боюнча консультациялык, координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторду түзүүгө;
- бажы иши маселелерин чечүү үчүн илимий мекемелерди, илимпоздорду жана адистерди келишимдик негизде тартууга;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, юридикалык жана жеке жактары, бажы иши жаатындагы чет элдик мекемелер жана эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөгө жана кызматташууга;
- бажы иши жаатында илимий жана изилдөө иштерин, министрликтер, ведомстволор жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен семинарларды өткөрүүнү уюштурууга, ошондой эле башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн семинарларга катышууга, өз тутумунда илимий-изилдөө мекемелеринин жана кесипкөй жана кошумча билим берүү окуу жайларынын иштөөсүн камсыз кылууга;
- белгиленген штаттык сандын чегинде борбордук аппараттын жана ведомствого караштуу бөлүктөрдүн түзүмүн түзүүгө, белгиленген тартипте аларды кайрадан түзүүгө;
- бажы кызматынын тутумундагы кызмат адамдарын (мындан ары - кызматкерлер) жана жумушчуларды укуктук жана социалдык коргоо чараларын ишке ашырууга;
- мыйзамдарда белгиленген акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүгө;
- белгиленген тартипте кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана жүргүзүү;
- кызматтык максаттарда маалыматтык тутумдарды, байланыш тутумдарын жана маалымат берүү тутумдарын, ошондой эле маалыматты коргоо каражаттарын пайдаланууга;
- ички контроль тутумунун майнаптуулугун жана анын МБКнын максаттарына дал келүүсүн баалоого;
- мыйзамдарда каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
5. Ишти уюштуруу
8. МБК төмөнкүлөрдөн турган борборлоштурулган тутум:
- борбордук аппараттан;
- МБКнын башкаруу схемасында көрсөтүлгөн бажы органдарынан.
9. МБКны төрага башчылык кылат, ал мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
МБКда төмөнкү кызматтар уюштурулган:
- МБКнын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалган жана кызматтан бошотулган төраганын орун басарлары;
- тийиштүү чет мамлекеттин бажы кызматтары менен макулдашуу боюнча МБКнын төрагасы тарабынан дайындалган жана кызматтан бошотулган чет мамлекеттердин бажы кызматтарына караштуу Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын өкүлдөрү.
МБКнын төрагасы:
- МБКнын жана ведомствого караштуу бөлүктөрдүн иштерин бирдиктүү жетекчилик принцибинде башкарат;
- МБКга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жооптуу болот;
- МБКнын атынан чыгат жана анын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара байланышта иштешүүсүн камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле башка документтерге кол коет;
- төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди жана функцияларды бөлүштүрөт;
- белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде төмөнкүлөрдү бекитет:
а) борбордук аппараттын түзүмүн жана штаттык жүгүртмөсүн;
б) борбордук аппараттын бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана кызматкерлеринин жоболорун жана функционалдык (кызматтык) милдеттерин;
в) бажы органдарынын штаттык жүгүртмөсүн, түзүмүн жана алар жөнүндө жобону;
г) МБКнын борбордук аппаратынын жана бажы органдарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын;
- функционалдык (кызматтык) милдеттерине ылайык контракттардын негизинде борбордук аппараттын жетекчилерин жана кызматкерлерин, бажы органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- МБКнын тутумунда аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- МБКнын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүү жана бекемдөөгө карата, анын ичинде кызматтык имараттарды, дарылоо ден-соолукту чыңдоо объекттерин курууну каржылоону аныктайт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бажы органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгарат, белгиленген тартипте бажы органдарынын кызмат адамдарына жогорку башкаруучу курамдагы атайын наамдарды ыйгаруу тууралуу сунуш киргизет;
- МБКнын, бажы органдарынын өздүк курамын натыйжалуу пайдалануу максатында кызматкерлердин орун алмашуусун жүргүзөт;
- белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана бажы органдарынын кызматкерлерин жана жумушчуларын, эл аралык уюмдардын жана чет элдик бажы органдарынын өкүлдөрүн сыйлайт;
- кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте сунуш киргизет.
- МБКнын жана баш ийген бажы органдарынын жана бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарын аттестациядан өткөрүү мөөнөтүн белгилейт.
- МБКнын тутумундагы кызматкерлерге жана жумушчуларга карата мыйзамдарда белгиленген тартиптик жаза-чаралардын түрлөрүн колдонот;
- мыйзамдарга ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырат.
10. МБКда 9 кишиден турган, курамында МБКнын төрагасы, төраганын орун басарлары, Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын алдындагы өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, ошондой эле МБКнын борбордук аппаратынын жана бажы органдарынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери бар коллегия түзүлөт.
Коллегия мүчөлөрүнүн персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
МБКнын коллегиясы тууралуу жобону МБКнын төрагасы бекитет.
11. Курамы жана ал тууралуу жобо МБКнын буйругу менен бекигилген, МБКга караштуу төмөнкү консультациялык-байкоочу органдар иштейт:
- МБКга караштуу бажы иши боюнча консультациялык кеңеш;
- МБКга караштуу коомдук байкоочу кеңеш.
6. Корутунду жоболор
12. МБКнын ишин кайра түзүү жана токтотуу мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы