Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 31-декабрындагы № 345
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- «Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 955-берене);
- «Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 33-берене).
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|