КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-октябрындагы № 614 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 31-декабры № 346
Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин типтүү тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 токтомунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин типтүү тизмеси.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 97 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- «Архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук бузууларга администрациялык жаза-чара колдонуу тууралуу жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2008-жылдын 6-июнундагы № 178 буйругу;
- «Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2008-жылдын 13-августундагы № 226 буйругу.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |