Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-октябрындагы № 614 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-марты № 97
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 "Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобону жана Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин типтүү тизмесин бекитүү жөнүндө";
- 1-пунктунда:
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү абзацындагы "башкаруу документтеринин тизмеси." деген сөздөр "башкаруу документтеринин типтүү тизмеси." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Архив мыйзамдары чөйрөсүндөгү укук бузууларга администрациялык жаза колдонуу тартиби тууралуу жобо күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |