Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-апрель УӨ №25
Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы УӨ №124 токтомунун редакциясына ылайык)
"Социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана өлкөдө болуп жаткан коомдук-саясий окуялар жөнүндө жарандарга кеңири масштабда маалымдоо менен аларды конституциялык реформаны талкуулоонун жүрүшүнө активдүү тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорун мамлекеттик каржылоо сынактык негизде уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине долбоорлордун сынагынын 1-этабын өткөрүүгө 6620,0 (алты миллион алты жүз жыйырма) миң сом бөлүнсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы УӨ №124 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык саясат бөлүмү сынакты өткөрүү үчүн жоопкер болуп аныкталсын. Каржылоону бөлүштүрүү бардык региондорду жана калкты пропорциялуу камтуу менен так иштелип чыккан критерийлер боюнча сынактык жана ачык негизде жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |