КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-июлу УӨ №124
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 25 "Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 25 "Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган токтомдун 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунан Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине долбоорлордун сынагынын 1-этабын өткөрүүгө 6620,0 (алты миллион алты жүз жыйырма) миң сом бөлүнсүн.".
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |