КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 7-майы УӨ №39
"Бишкек ликер-арак заводу" ачык акционердик коомуна тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги №27 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Бишкек ликер-арак заводу" ачык акционердик коомуна тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги №27 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттагы "Экономикалык тескөө министрлигине" деген сөздөр "Мамлекеттик мүлк министрлигине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |