КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-апрели УӨ №27
"Бишкектеги ликер-арак заводу" ачык акционердик коомуна тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы УӨ №39 токтомунун редакциясына ылайык)
2010-жылдын 21-апрелиндеги №18 "Юридикалык жактарга тышкы башкаруу жол-жоболорун киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкектеги ликер-арак заводу" ачык акционердик коомуна тышкы башкаруу киргизилсин.
2. Алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүн жана материалдык-техникалык камсыз кылуусун белгилөө менен тышкы башкаруучуларды дайындоо укугу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине берилсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы УӨ №39 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |