Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-июнундагы № 92
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун иштеп жаткан системасына талдоо жүргүзүү, аны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине таянып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Комиссия:
- бир айлык мөөнөттө төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин:
жоюлган мамлекеттик органдардын милдеттерин жана функцияларын кайра бөлүштүрүү жөнүндө;
башка мамлекеттик органдар менен кайталоону болтурбоочу милдеттерди жана функцияларды аныктоодо жаңы түзүлгөн мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү жөнүндө;
- мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча негиздүү сунуштарды белгиленген тартипте андан ары киргизүү менен мамлекеттик органдардын иштерине талдоо жүргүзүү боюнча ишти 2010-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө аяктасын;
- Комиссияга Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна чечимдин тиешелүү долбоорун киргизгенге чейин мамлекеттик органдарды түзүүнүн, кайра уюштуруунун жана жоюунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүүгө укук берилсин.
4. Мамлекеттик органдар Комиссиянын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жана башка камсыздоо маселелерин чечсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.
7. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-июнундагы УӨ № 92 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) мамлекеттик башкаруу системасынын ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү жана аны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн орган болуп эсептелет.
2. Комиссия өзүнүн ишин туруктуу негизде ушул Жободо каралган милдеттер чечилгенге жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин жүргүзөт.
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерин жана башка чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
II. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары
4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик башкаруунун иштеп жаткан системасын ишинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
- мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
5. Комиссиянын функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чечимдин тиешелүү долбоорун Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизгенге чейин мамлекеттик органдарды түзүүнүн, кайра уюштуруунун жана жоюунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүү;
- жоюлган мамлекеттик органдардын милдеттерин жана функцияларын кайра бөлүштүрүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
- башка мамлекеттик органдар менен кайталоону болтурбоо максатында милдеттерин жана функцияларын аныктоодо жаңы түзүлгөн мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу маселеси боюнча жарандык, эксперттик, бизнес жамааттардын жана башка субъекттердин өкүлдөрүнөн Комиссияга түшкөн сунуштарды талдоонун жана жалпылоонун негизинде рекомендацияларды иштеп чыгуу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга карата чараларды көрүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү;
- ушул Жободо каралган Комиссиянын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды ишке ашыруу.
6. Комиссия өз функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Комиссиянын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте жумушчу же эксперттик топторду түзүүгө;
- Комиссиянын милдеттерине кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилерин өзүнүн жыйындарында угууга;
- иш үчүн керектүү документтерди жана материалдарды мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте сурап алууга.
III. Комиссиянын курамы жана ишин уюштуруу
7. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнө адистештирилген жарандык жана эксперттик жамааттардын өкүлдөрү кирет.
8. Комиссиянын ишине жетекчиликти төрага, төрага жок учурда анын орун басарларынын бири ишке ашырат.
Комиссиянын төрагасы Комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат, ишти уюштурат жана Комиссиянын ишине жалпы контролдоону жүргүзөт.
9. Комиссиянын ишинин негизги формасы Комиссиянын жыйыны болуп эсептелет. Комиссиянын жыйыны эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, мыйзамдуу деп эсептелет.
Комиссия мүчөлөрү анын жыйындарына алмаштыруу укугусуз катышат.
10. Комиссиянын ишине эксперттик-консультациялык көмөк көрсөтүү максатында башкаруу жана мамлекеттик түзүлүш чөйрөсүнө адистешкен эксперттер, илимий жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
11. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы кол коюшат.
Комиссия мүчөлөрү өздөрү өкүлү болгон мамлекеттик органга тиешелүү маселелерди кароодо добуш берүү укугуна ээ болбойт.
Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Маселени кароонун жүрүшүндө жана чечимдерди кабыл алууда Комиссия мүчөлөрү айткан өзгөчө пикирлер милдеттүү түрдө протоколго киргизилет жана Комиссия мүчөлөрүнө өзүнчө документ катары берилет.
12. Өз компетенциясынын чегинде кабыл алган Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун копиялары же алардын көчүрмөлөрү түрүндө тиешелүү мамлекеттик органга жиберилет. Өзүнчө документте чагылдырылган Комиссия мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери зарыл учурда жиберилүүчү документке тиркелиши мүмкүн.
IV. Мамлекеттик органдарды түзүү, кайра уюштуруу жана
жоюунун максатка ылайыктуулугун кароо жана
ал жөнүндө корутунду берүү тартиби
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин демилге кылынган мамлекеттик органдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени кароо үчүн Комиссияга төмөнкү документтер берилет:
- төмөнкүлөрдү так баяндоо менен негиздеме:
мамлекеттик органды түзүүнү же кайра уюштурууну демилге кылуунун себептерин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оптималдуу түзүмү аныкталганга чейин ушул маселени ыкчам чечүүнүн да зарылдыгын;
эгерде бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин чечилбесе, мүмкүн болгон кесепеттерди;
ушул маселени чечүү кандай ыкчам натыйжаларга жетүүгө багытталганын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин оң корутундусу менен пландалуучу мамлекеттик органды бюджеттик-материалдык камсыздоонун сметасын;
- демилге кылынуучу мамлекеттик органдын түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун;
- демилге кылынуучу мамлекеттик органдын милдеттерин жана функцияларын баяндоо менен тиешелүү токтомдун жана Жобонун долбоорун;
- тиешелүү функциялардын кайталануу элементтери жок экендиги жөнүндө мамлекеттик органдар менен макулдашуу баракчасы.
Документтердин толук пакети Комиссиянын кароосуна жиберилет. Зарыл болгон документтердин бирөөсүнүн эле жоктугу демилге кылынуучу маселени кароодон баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.
14. Документтердин толук пакети түшкөн күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде Комиссиянын жыйынын өткөрүү пландалат.
Комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын тапшырмасы боюнча демилге кылынган маселени кароо жана корутунду берүү ушул Жободо белгиленген документтер келип түшкөн күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. Комиссия демилге кылынган маселени кароонун жыйынтыгы боюнча оң же терс корутунду берет.
Оң корутунду берилген учурда Комиссия ушул маселени кароо жана акыркы чечимин кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн жыйынынын күн тартибине киргизүүнү сунуштайт.
16. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн жыйынынын күн тартибине Комиссиянын тиешелүү корутундусун албастан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оптималдуу жаңы түзүмүн аныктаганга чейин мамлекеттик органдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселени киргизүүгө демилге кылууга жол берилбейт.
V. Корутунду жоболор
17. Комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыздоону Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү ишке ашырат.
18. Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жана башка камсыздоону Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы ишке ашырат.
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-июнундагы УӨ № 92 токтомуна тиркеме |
Атамбаев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төра- гасынын Биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;
|
Каптагаев Э.С. | - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппа- рат жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Аширов Б.Ч. | - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төра- гасынын Секретариатынын жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
|
Мукамбетов М.К. | - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппа- ратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооп- туу катчысы.
|
Комиссия мүчөлөрү:
Ибраимова Э.С. | - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү - социалдык саясат боюнча координатору;
|
Момуналиев Н.С. | - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппа- рат жетекчисинин биринчи орун басары;
|
Үмөталиев Э. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө ми- нистринин милдетин аткаруучу;
|
Салянова А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин мил- детин аткаруучу;
|
Сагынбаев Б.Э. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы- нын статс-катчысы;
|
Кылжыев С.А. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Ахметова Н.М. | - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төра- гасынын Биринчи орун басарынын коомдук негиздеги кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
|
Мусабеков А.О. | - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппа- ратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймак- тык башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
|
Мурзаев С.К. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Инновациялар жана маалы- маттык-аналитикалык камсыздоо институтунун ди- ректору, профессор;
|
Сыдыков Н.Б. | - «Конституциялык саясат институту» КЭУнун дирек- тору (макулдашуу боюнча);
|
Жакупова Ч.И. | - «Жарандык контролдоо комитети» КЭУнун төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Сырдыбаев С.М. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Өмүралиев К.К. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Третьяков А.В. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Каниметов К.А. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Мокенов А.А. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
|
|
|