Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 3-июну УӨ №64
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча сынамык долбоорду өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, өздөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн каражаттары жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча сынамык долбоор өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги сынамык долбоорду өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп дайындалсын.
3. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча сынамык долбоорду өткөрүү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
4. Бишкек шаарынын Свердлов району жана Ош облусунун Ноокат району сынамык долбоордун аймагы катары аныкталсын.
5. Сынамык долбоорду өткөрүү мөөнөтү 7 айга белгиленсин, бул мөөнөт ушул токтом күчүнө киргенден кийин 15-күнү башталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги сынамык долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди уюштурууну камсыздоо үчүн зарыл чараларды эки жумалык мөөнөттө көрсүн.
7. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана экспертизалоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |