Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-июнундагы №64 токтому менен бекитилген |
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча сынамык долбоорду өткөрүү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Сынамык долбоорду каржылоо булактары
3. Сынамык долбоорду башкаруу
4. Сынамык долбоорду ишке ашыруу үчүн адвокаттарды
тандоо тартиби
5. Сынамык долбоордун катышуучуларынын укуктары жана
милдеттери
6. Сынамык долбоорду ишке ашыруу механизми
Бул Жобо мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча сынамык долбоорду (мындан ары - сынамык долбоор) өткөрүү тартибин аныктайт.
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча сынамык долбоорду өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыккан.
2. Кармалгандарга, шектүүлөргө, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, акталып чыккандарга жана кылмыш иши боюнча соттолгондорго тергөө өндүрүшүнүн жүрүшүндө, биринчи инстанциядагы, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанцияларындагы соттордо мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү механизмин практикалык колдонуу сынамык долбоордун максаты болуп эсептелет. Кылмыш жасагандыгына шектүү деп кармалган адамдарга адвокаттын кызматын эрте көрсөтүү механизми сынамык долбоордун мезгилинде иштелип чыгууга жана сынактан өткөрүлүүгө тийиш.
3. Сынамык долбоордун катышуучулары:
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттар;
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык адамдарды кармоого жана сынамык долбоорду ишке ашыруу аймагында процесстик чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу тергөө органдарынын кызматкерлери;
- сынамык долбоорду ишке ашыруу аймагында иш жүргүзүүчү судьялар;
- сынамык долбоордун башкаруучусу;
- сынамык долбоор үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги дайындаган мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча координатор (мындан ары - Координатор);
- Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга укугу бар адамдар.
4. Сынамык долбоорду каржылоо, анын ичинде сынамык долбоордун максатына жетүү үчүн тартылган адвокаттардын эмгегине акы төлөө "Кыргызстан-Сорос" фондунун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
5. Сынамык долбоорду ишке ашыруу процессин башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги сынамык долбоорду башкаруучуну Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринен дайындайт.
Сынамык долбоорду башкаруучунун функциялары төмөнкүлөр:
- сынамык долбоорду ишке ашырууну камсыздоо;
- долбоордун бардык катышуучуларынын өз ара аракетин камсыздоо;
- долбоордун бардык катышуучуларынын өз милдеттенмелерин аткарышына мониторинг жүргүзүү;
- долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө анын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн топтоо жана изилдөө;
- долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн ар айлык отчетту даярдоо;
- долбоордун натыйжалары жөнүндө акыркы отчетту даярдоо.
6. Координатор мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча арыз берүүчү, тергөө органы, сот жана адвокаттын ортосундагы өз ара байланышты камсыздайт.
Координатордун функциялары:
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө арыздарды кароо;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен сынамык долбоордун адвокаттарынын тизмесинен юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттарды дайындоо;
- арыз берүүчүнүн киреше деңгээлин тастыктоо үчүн маалымат чогултуу;
- юридикалык жардамды көрсөтүү, баш тартуу жана токтотуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгаруу;
- жер-жерлерде адвокаттардын дежурлук графигин түзүү жана жүргүзүү;
- белгиленген тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын иштерине мониторинг жүргүзүү;
- Мыйзамга ылайык башка функцияларды аткаруу.
7. Сынамык долбоорду ишке ашыруу үчүн адвокаттарды тандоону адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы бар адвокаттардын конкурска катышуусу менен "Кыргызстан-Сорос" фондунун колдоосунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жүргүзөт. Конкурс бланкалык тестирлөө формасында жүргүзүлөт.
Конкурстук тандоо үчүн суроолор жана критерийлер "Кыргызстан-Сорос" фонду менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
8. Сынамык долбоордун адвокаттарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет жана сынамык райондун ыйгарым укуктуу тергөө органына жана сот органына жиберилет.
9. Сынамык долбоордун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери, ошондой эле алардын юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иштери Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кылмыш-процесстик кодекси менен аныкталат.
10. Кылмыш жасагандыгына шектүү деп кармалган адам алгачкы тергөө органдары тарабынан иш жүзүндө кармалган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине ылайык адвокат менен камсыздалат.
11. Сынамык районунда мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү үчүн адвокаттарды дайындоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен адвокаттардын тизмесинен Координатор тарабынан ишке ашырылат.
12. Адвокатты дайындоо юридикалык жардам алууга арызды Координатор алган учурдан тартып жүргүзүлөт. Арыздын формасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
13. Кармалган адамдын арызынын негизинде, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды камсыздоо максатында тергөөчү сутканын каалаган учурунда адвокаттын катышуусунун зарылдыгы жөнүндө Координаторго же болбосо (Координатор менен байланышуу мүмкүн болбогон учурда) дежур адвокатка билдирүүгө милдеттүү.
14. Координатор адвокаттын катышуусунун зарылдыгы жөнүндө Координаторго жана/же дежур адвокатка билдирүү ыкмасын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси менен алдын ала макулдашууга милдеттүү.
15. Координатор адвокаттын катышуу зарылдыгы жөнүндө тергөөчүдөн билдирүүнү алган учурдан тартып адвокаттын тергөө органына катышуусун дароо камсыздашы керек.
16. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өз учурунда көрсөтүү максатында сынамык долбоордун адвокаттарынын 24 сааттык дежурлугу камсыздалат.
Координатор сынамык долбоордун экиден кем эмес адвокатынан дежурлук графигин бекитет. Координатор жума сайын тергөө органынын тергөө бөлүмүнүн жетекчисине дежурлуктун түзүлгөн графигин берет, ошондой эле дежур адвокатка маалымдайт.
17. Графикте саат, сутка менен эсептелүүчү дежурлук мезгили бекитилген адвокаттардын тизмесин көрсөтөт. Графикте, ошондой эле байланыш телефондору жана жумуш ордунун дареги көрсөтүлөт. Ар бир дежур адвокат дежур мезгилинде жумуш ордунда болууга милдеттүү. Жумуш орду Координатор менен макулдашылууга тийиш.
18. Тергөөчү түздөн-түз дежур адвокатка кабарлаган учурда дежурлук мезгилинде адамды коргоону ишке ашырууга киришкен адвокат 24 сааттын ичинде чакырууну кабыл алгандыгы жөнүндө Координаторго билдирүүгө милдеттүү.
Координатор 3 суткадан кечиктирбестен мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү, баш тартуу же токтотуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат. Координатор чечим кабыл алганга чейин адвокат өзү коргой турган адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого милдеттүү.
Кабыл алынган чечим жазуу жүзүндө таризделет жана чечим кабыл алынган адамга карата аны милдеттүү тапшыруу менен жиберилет.
19. Жаранга мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда Координатор аны коргоону ишке ашырууга жазуу жүзүндө тапшырманы адвокатка берүүгө милдеттүү.
20. Бир дежур адвокатты башкасы менен алмаштыруу тартиби башка дежур адвокат менен милдеттүү түрдө макулдашуу боюнча Координатор тарабынан жөнгө салынат.
21. Адвокаттын аракетине даттануулар жана арыздар Мыйзамда каралган тартипте каралат.