Редакцияот 10.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 10-июну УӨ №73

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын топтоонун жана пайдалануунун тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-апрелиндеги №20 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдик фонду жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын топтоонун жана пайдалануунун тиркелген Тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондун түзүү жана анын иштеши боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р.Отунбаева