Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ №73 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун каражаттарын топтоонун жана пайдалануунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
2. Фонддун каражатынын булактары жана топтоо тартиби
3. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби
4. Фонддун каражаттарынын эсепке алуу жана отчеттуулук
Бул Тартип өлкөнүн бюджеттик системасына финансылык агымдарды турукташтыруу үчүн арналган Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондунун (мындан ары - Фонд) каражаттарын топтоонун жана пайдалануунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
1. Фонд Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн иштеген мезгилинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдерин түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин жөнгө салуучу жаңы нормативдик укуктук акт кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн резервдерин пайдалануу боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн түзүлөт.
2. Фонд Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн карамагындагы бюджеттен тышкары акча фондусу болот.
3. Фонд "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун Фондго өткөрүлүп берилген каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга жана мамлекеттин тез аранын ичинде чечүүнү талап кылган стратегиялык социалдык-экономикалык программаларын ишке ашырууга арналган.
4. Фонддун каражаты төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- "Кыргыз Республикасын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жана коммерциялык банктарында ачылган эсептеринен жоюу жол-жоболоруна ылайык которулган акча каражатынан;
- Кыргыз Республикасына гранттар жана гуманитардык жардам түрүндө келип түшкөн финансылык каражаттардан, бюджетти колдоого келип түшкөн гранттардан башкалары.
5. Ушул Тартиптин 4-пунктунда каралган каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсебине алардын келип түшүүсүнө жараша (улуттук валютада жана чет өлкөлүк валютада) кириштелет.
6. Фонддун эсебин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын ортосунда түзүлгөн Эсептерди тейлөө жөнүндө келишим менен жөнгө салынат.
7. Фонддун каражаттары улуттук стратегиялык өнүктүрүү долбоорлорун, анын ичинде "капиталдык салымдар" беренеси боюнча республикалык бюджетте каралган долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.
8. Жагымсыз экономикалык конъюнктуранын, бюджетке кирешелердин түшүүсү төмөндөгөн жана тышкы финансалык жардам толук келбей калган шарттарда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү Фондун каражаттарын тийиштүү жылдын бюджетинде каралган мамлекеттин сарптоо милдеттенмелерин аткаруу үчүн социалдык программаларды ишке ашырууга, ошондой эле бюджеттик колдоо көрсөтүүгө жана республикалык бюджеттин учурдагы тартыштыгын жабууга бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
9. Фонддун каражаты ушул Тартипте каралбаган башка максаттарга жумшалбайт.
10. Фонддон каражат бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат. Фонддон каражат бөлүп берүү жөнүндө чечимдердин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизилет.
11. Фонддун каражаттарын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн чечимдери аларга кол коюлган учурдан баштап 5 күндүк мөөнөттө мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий түрдө жарыяланышы керек.
12. Фондунун каражаттарын пайдалануунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын финансылык рынокторуна терс инфляциялык жана валюталык кысымды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлору Фонддун каражаттарын сарптоонун болжолдонгон көлөмдөрү жана мөөнөттөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен алдын ала макулдашылат.
13. Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чечимде көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо боюнча тийиштүү жол-жоболорду жүргүзөт.
14. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы өзүнчө эсептерине топтолот, алар Фонддун бириктирилген бир эсеби катары каралат.
15. Фонддун каражаттары Борбордук казыналыктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы учурдагы эсебине аларды алгандан жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык пайдалангандан кийин республикалык бюджеттин курамында эсепке алынат.
16. Фонддун каражаттары боюнча эсеп жана отчет колдонулуудагы мыйзамдар менен жөнгө салынуучу белгиленген казыналык жол-жоболорго ылайык ишке ашырылат.
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен Фонддун активдеринин отчеттук мезгилдин башына жана аягына карата көлөмү, отчеттук мезгилде каражаттардын кириштелиши, алардын жайгаштырылышы жана пайдаланылышы тууралуу маалыматты мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.