ТоктомКүчүн жоготту

КР УӨ 2010-жылдын 12-июнундагы №80 «Кыргызстандын өнүктүрүү институтун жоюу жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-июлундагы  № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-июну УӨ №80

Кыргызстандын өнүктүрүү институтун жоюу жөнүндө

Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, республикалык бюджеттин чыгымдарын азайтуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызстандын өнүктүрүү институту жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси жоюу комиссиясын түзүп, ага Кыргызстандын өнүктүрүү институтун жоюуга байланышкан тийиштүү иштерди жүргүзүүнү тапшырсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.

4. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р.Отунбаева