Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-июлундагы N 423 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 2-июлундагы УӨ № 114
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жөнүндө
Мамлекеттик органдардын стратегиялык чечимдерди кабыл алышын эксперттик-аналитикалык камсыздоо максатында, эксперттик жамаатты координациялоочу мамлекеттик мекемелердин иштерин оптималдаштыруу зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле тийиштүү бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтунун, Кыргызстандын Өнүктүрүү институтунун жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине караштуу Келечектүү иштеп чыгуулар борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту эки апталык мөөнөттүн ичинде жобосунун жана штаттык санынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
3. Бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1 жана 2-пункттарына ылайык Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтун түзүүгө байланыштуу финансылык маселелерди чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтун жайгаштыруу маселесин чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдору күчүн жоготту деп эсептелсин:
- 2010-жылдын 12-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтун жоюу жөнүндө" токтому;
- 2010-жылдын 12-июнундагы № 80 "Кыргызстандын Өнүктүрүү институтун жоюу жөнүндө" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.
7. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева
|