Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 14-июну УӨ №83
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл округунун Чырпыкты айылынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы №406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацындагы "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" деген сөздөр "Калктуу конуштардын жерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункта:
төртүнчү абзац алып салынсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларына жана эрежелерине жана колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык которулуучу жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.".
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |