ТоктомКүчүндө

КР УӨ 2010-жылдын 14-июнундагы №83 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы № 406 «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Редакция14.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2010-жылдын 14-июну УӨ №83

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл округунун Чырпыкты айылынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-июлундагы №406 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Тамчы айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун экинчи абзацындагы "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" деген сөздөр "Калктуу конуштардын жерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункта:

төртүнчү абзац алып салынсын;

бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларына жана эрежелерине жана колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык которулуучу жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.".

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р.Отунбаева