Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июнундагы УӨ №70 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
I. Жалпы жоболор
II. Ишкананын милдеттери жана функциялары
III. Ишкананын укуктары
IV. Ишкананы башкаруу
V. Ишкананын мүлкү, финансысы жана фонду
VI. Эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо
VII. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 750 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин алдындагы Балык чарбасы департаментинин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасын (мындан ары - Ишкана) болуп өзгөртүп түзүлгөн.
2. Ишкана өз ишмерлигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулат жана Министрликтин карамагына өткөрүлүп берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 161 "Кыргыз Республикасында балык чарбасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Ишкана ушул Уставда каралган өндүрүштүк-чарбалык функциялары бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин алдындагы Балык чарбасы департаментинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
4. Ишкананын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасы. Кыскартылган түрдө - "Кыргызбалыгы" МИ;
- расмий тилде - Государственное предприятие "Кыргыз балыгы" при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики. Кыскартылган түрдө - ГП "Кыргызбалыгы";
- англис тилинде - State E№terprise "Kyrgyz balygy" u№der Mi№istry of agriculture of Kyrgyz Republic. Кыскартылган түрдө - SE "Kyrgyz balygy".
5. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштөөчү юридикалык жак болуп эсептелет.
Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда өткөрүп берилген мүлктүн менчик ээси болуп эсептелбейт.
Ишкана чарбалык эсеп негизинде иштейт, Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары, өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби бар.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка визуалдык каражаттары, өзүнүн атрибутикасы болот.
6. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка жактар менен өз ара байланышта иштейт.
7. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү № 96а.
8. Ишкананын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- балык азыктарын өндүрүүнү көбөйтүү, көлмөлөрдүн балык азыктуулугун жана иштеп жаткан балык чарбаларынын кубаттуулуктарын жогорулатуу, жаңы балык өстүрүүчү чарбаларды түзүү;
- балык тармагындагы ишканалар тарабынан өндүрүлө жана сатыла турган балык азыктарынын сапатын жакшыртуу жана ассортиментин кеңейтүү;
- көлмөлөрдө, көлдөрдө жана суу сактагычтарда өндүрүлгөн жана кармала турган товардык балыкты даярдоону, кайра иштетүүнү жана сатып-өткөрүүнү уюштуруу.
9. Ишкана өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- балык чарба ишин башкарат жана республикадагы Ишканага берилген табигый жана жасалма көлмөлөрдүн негизги пайдалануучусу болуп саналат;
- республиканын балык чарбасын өнүктүрүүнүн иш-чараларын жана программаларын иштеп чыгууга катышат, алардын аткарылышын камсыздайт;
- балык тармагынын натыйжалуу иштешин жогорулатуу жана республиканын калкынын балык азыктарына болгон керектөөсүн канааттандыруу максатында балык чарба процессине прогрессивдүү технологияларды жайылтууну камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык товардык балыкты, балык уруктарын жана асылдандыруу материалдарын өндүрүү үчүн көлмө аянттарын жана суу объекттерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча балык чарба субъекттеринин иштерин уюштурат;
- Илимий-өнөр жайлык кеңеште балыктуу сууларда, садоктук чарбаларда жана балык заводдорунда балык запастарын көбөйтүү, балыкчылык жана товардык балыктарды, балык уруктарынын материалын өстүрүү боюнча божомол-тапшырмаларды, ошондой эле балык чабактарын ишканага берилген көлмөлөрдө чыгарууну белгилейт жана менчигинин түрүнө карабастан аларды балыкчылык менен иштеген субъекттердин ортосунда бөлүштүрөт;
- Ишканага берилген көлмөлөрдө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту белгиленген тартипте уюштурууну жана жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
- белгиленген тартипте республиканын балык чарба жана башка көлмөлөрүндөгү балык запастарын сактоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана турмушка ашырат;
- балык азыктарына болгон базардын керектөөсүн изилдейт жана балык тармагынын товардык балыкты көбөйтүү боюнча мүмкүнчүлүгүн аныктайт;
- товардык балык азыктарын жана балыктын уруктук материалдарын өндүрүүнүн учурдагы жана келечек пландарын иштеп чыгууну уюштурат;
- балыктын уруктук материалдарын жана товардык балыкты өндүрүүнүн прогрессивдүү технологияларын изилдөө жана ишке киргизүү маселелери боюнча тышкы экономикалык иштерди жүргүзөт, көлмө балыктарынын жогорку азыктуу жана жакшыртылган тукумдарын алып келүүнү, ошондой эле уруктандырылган икраларды, балык чабактарын экспорттоону, балык коргоочу жана жаратылышты коргоочу мыйзамдарга ылайык балык тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартууну пландайт;
- балыктардын өнөржайлык запастарын көбөйтүү, аларды жасалма жол менен өстүрүү жана климатташтыруу, балык чарбалык мелиорация, балык чабактарын кое берүү жана балык чарбалык көлмөлөрдү балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
- товардык балык азыктарын өндүрүү жана балык чабактарын өстүрүү боюнча балык чарба субъекттерине практикалык жана методикалык жардамдарды көрсөтөт;
- көлдөрдө жана суу сактагычтарда кармалган жана өндүрүлгөн товардык балыктарды даярдоону, кайра иштетүүнү жана сатып өткөрүүнү, уруктандырылган икраларды жана балык чабактарын импорттоону уюштурат;
- балык чарбаларынын балык өстүрүү, балыкты көбөйтүү жана балыкчылык боюнча иштерди уюштурат, ал иштердин аткарылышын координациялоону ишке ашырат;
- белгиленген тартипте мамлекеттик балык чарба фондунун пайдалануусуна берет (көлдөрдү, балык уулоочу участокторду, суу сактагычтарды жана көлмөлөрдү) жана балык запастарын балык өстүрүү, балык улоо, балыкты көбөйтүү жана төлдөтүү максатында аларды юридикалык жана жеке жактарга бекитип берет, алардын пайдаланылышына контролдук кылат;
- менчигинин түрүнө карабастан балык өстүрүүчү ишканалардын, балык заводдорунун, көлмөлүк, садоктук жана көлмөлүк товардык балык чарбаларынын иштерине белгиленген тартипте жалпы жетекчилик жүргүзөт, аларга селекциялык-асылдандыруу иштерин уюштурууда, товардык балыкты жана балыктын урук материалын өстүрүүдө жана сатууда көмөк көрсөтөт;
- товардык балыктын энелик жана оңдоочу түрлөрүн жана балыктын тукумдук материалын өстүрүү боюнча балык чарбаларынын иштерин белгиленген тартипте координациялоону, балыкты өстүрүүнүн биотехникасын сактоону ишке ашырат;
- көлмөлөрдүн сырьелук базасынын абалын иликтөөнү уюштурат жана жүргүзөт, мониторинг жүргүзүү жана балык запастарынын эсебин алуу, жаңы көлмөлөрдү жана аларда белгиленген тартипте балык уулоонун объекттерин өздөштүрүү максатында атайын балык уулоолорду ишке ашырат;
- балыктардын ылаңдарынын алдын алуу максатында көлмөлөрдүн жана суу топтолгон жерлердин санитардык-эпизоотологиялык абалына мониторинг жүргүзүүнү уюштурат;
- балык чарбаларга балык өстүрүү, аны кармоо, кайра иштетүү жана балыктын жемин өндүрүү боюнча жаңы технологияларды жана жабдууларды сатып алуу үчүн инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтөт;
- чарба жүргүзүү укугунда өткөрүп берилген мүлктүн сакталышын жана арналышы боюнча пайдаланылышын камсыздайт;
- балыктарды белгиленген тартипте ихтиологиялык, контролдук жана санитардык (мелиоративдик) кармоо жолу менен республиканын көлмөлөрүндөгү балык түрлөрүнүн популяциясынын абалын аныктоо боюнча ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- товардык балыкты жана балыктын уруктук материалдарын өстүрүүдө чарбалык субъектилерге көмөк көрсөтүү үчүн балык багуучу адистерди окутуу жана кайта окутуу системасын уюштурат;
- ветеринариялык кызмат менен биргелешип балыктардын ылаңдарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды уюштурат жана жүргүзөт, балык чарба субъектилерине пландарды түзүүгө жана көлмөлөрдө, көлмөлүк чарбаларда эпизоотикага каршы иш-чараларды жүзөгө ашырууга практикалык жардам көрсөтөт;
- балык чарба субъекттери менен биргелешип балык запастарын көбөйтүү, аларды жасалма жол менен көбөйтүү, климатташтыруу, балык чарба мелиорациясы, балык чабактарын чыгаруу жана көлмөлөрдү балыктандыруу боюнча иштерди жүзөгө ашырат;
- балык көбөйтүү процессинин бардык стадияларында балык азыктарынын эсебин жана отчетун балык чарбаларда жүргүзүүнү уюштурат жана менчигинин түрүнө карабастан балык заводдордо, көлмө жана садок балык чарбаларында эсептик документтерди жүргүзүүнү координациялайт;
- балык запастарынын эсебин алуу жана аларды көбөйтүү боюнча иш-чараларды балык чарба субъектеринин аткарышын, ошондой эле алардын келишимдик милдеттенмелерди сактоосун координациялоону камсыз кылат;
- балык чарба субъекттери тарабынан балык кармоо жана балык запастарын көбөйтүү боюнча өндүрүштүк тапшырмаларды аткаруусуна, ошондой эле балык кармоонун белгиленген квотасын (лимитин) өздөштүрүүсүнө көзөмөл кылат;
- өзүнүн иш чөйрөсүндө конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды белгиленген тартипте уюштурат;
- жарандарды кабыл алууну мыйзамда белгиленген тартипте уюштурат, алардын кайрылууларынын өз учурунда каралышын камсыз кылат;
- өзүнө берилген каражаттарды жана мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жана ушул Устав менен аныкталган иш үчүн колдонот.
10. Өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнө өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлккө Министрликтин макулдугу менен ээлик кылууга жана колдонууга;
- чарбалык-финансылык иштин процессинде Ишкана сатып алган мүлккө, ошондой эле акча каражаттарына ээлик кылууга жана колдонууга;
- балык чарба субъекттерине табигый жана жасалма көлмөлөрдү белгиленген тартипте колдонууга берүүгө;
- Министрлик менен макулдашып, Ишкананын жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин жалпы санын аныктоого;
- балык чарбасына жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого тийиштүү болгон маселелер боюнча маалыматтарды менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан жана мекемелерден алууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен накталай же нак эмес эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- сот органдарында доочу жана жоопкер катары чыгууга;
- адистерди окууга, кайрадан даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана стажировкага жиберүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин кызматтык командировкаларга, анын ичинен эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 162 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фондун түзүүнүн жана каражаттарын пайдалануунун тартибине ылайык балык чарбасын өнүктүрүү фондусун мыйзамда белгиленген тартипте түзүүгө жана пайдаланууга;
- балык чарбаларындагы кармалган, ташылып келинген жана сатып өткөрүлгөн балыктардын эсебин алууну, ведомствого караштуу көлмөлөрдөн балыктарды жана балык азыктарын уулоо, ташуу жана сатып өткөрүү үчүн балык өндүрүшүнүн жана башка документтерди эсепке алууну жүргүзүүгө;
- балык чарбачылык ишинен, көлмөлөрдү пайдалануудан келип түшкөн каражаттардын, балык чарбасына инвестицияларды жана гранттарды, ыктыярдуу салымдарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка акчалай түшүүлөрдү тартуунун эсебинен коюлган милдеттерди жана балык чарбасынын максаттуу программаларын ишке ашыруу үчүн негизги жана жүгүртүү каражаттарга ээ болууга;
- башка мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды колдонууга жана Ишкананын чарба жүргүзүүсүндөгү мамлекеттик мүлктү сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө.
11. Ишкана эмгектин коопсуз шарттарын Ишкананын кызматкерлерине камсыз кылууга жана зыян келтирилгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек жана башка мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, Ишкананын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо боюнча чараларын камсыздоого;
- Ишкана өз учурунда тиешелүү мамлекеттик органдарга отчетторду берүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
- Ишкананын иш процессинде түзүлгөн архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө;
- мамлекет тарабынан жайылтылбаган кызматтык жана башка мыйзам тарабынан корголуучу маалыматтарды сактоого багытталган бардык зарыл чараларды камсыздоого.
12. Ишкананын ишин Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин сунушу боюнча Премьер-министр кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу директор башкарат.
Директор укуктарга, милдеттерге ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын негизинде иштейт.
Директордун орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча айыл чарба министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директордун орун басары директор жок мезгилде Ишкананын директорунун милдеттерин аткарат.
13. Министрликтин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону жүргүзүү;
- Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
- Директордун сунушу боюнча Ишкананын директорунун орун басарын дайындоо;
- Ишкананын келечек пландарын бекитүү;
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн тиешелүү түрдө пайдаланылышына жана сакталышына контролдоо жүргүзүү;
- Ишкананын жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитүү;
- Ишкананын штабдык расписаниесин макулдашуу;
- Ишкананын жетекчилигине тартип жоопкерчилик чараларын көрүү;
- Ишкананын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү.
14. Ишкананын директору:
- Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык расписаниесин бекитет;
- ведомстволук караштуу уюмдардын жоболорун жана түзүмдөрүн бекитет;
- Ишкананын уставдык милдеттерди жана функцияларды аткаруу боюнча ишин жетектейт;
- директордун орун басарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз чыгат, белгиленген тартипте бардык мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, Кыргыз Республикасындагы жана анын чегинен сырткары коомдук уюмдар менен өз ара мамилелерде Ишкананын кызыкчылыктарын көрсөтөт;
- бардык финансылык документтерге биринчи кол коюу укугуна ээ;
- мыйзамда белгиленген тартипте келишимдерге, контракттарга, макулдашууларга кол коюу жана түзүү укугуна ээ, ал эми өзү жок болгон учурда Ишкананын бүтүмдөрүн түзүүгө жана кол коюуга чечим кабыл алуу укугун директордун орун басарына өткөрүп берүүгө укуктуу;
- Ишкананын атынан белгилүү аракеттерди жасоого ишеним каттарды берет;
- тиешелүү буйруктарды, тескемелерди чыгарат жана тапшырмаларды берет, Ишкананын бардык кызматкерлеринин жана анын бөлүмдөрүнүн аткарышы үчүн милдеттүү болгон жазуу жүзүндөгү жана оозеки көрсөтмөлөрдү берет;
- Ишкананын кеңешинин, Балык чарбасын өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин жана илимий-өнөр жайлык кеңештин жыйындарын уюштурат жана өткөрөт жана аларга төрагалык кылат;
- Уюштуруучунун чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштурат жана камсыздайт;
- жалдоо, эмгек акы төлөө тартибин жана шарттарын, сыйлыкка көрсөтүү жана материалдык сыйлоо, Ишкананын кызматкерлеринин эмгек отпускаларынын графигин бекитүү тартибин аныктайт;
- белгиленген тартипте өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүү;
- мыйзамдарга ылайык Ишкананын ишинин максаттарына жетүү жана анын ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарга ээ.
15. Ишкананын ишинин маанилүү өндүрүштүк маселелери боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу үчүн Ишкананын кеңеши түзүлөт.
16. Ишкананын кеңешинин курамына Министрликтин өкүлү (министр менен макулдашуу боюнча), Ишкананын директору, орун басары жана Ишкананын эки кызматкери же ведомстволук уюмдардын кызматкерлери кирет. Кеңештин Жобосу жана мүчөлөрүнүн жеке курамы директор тарабынан бекитилет.
17. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, аларды социалдык камсыздоо, коргоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын нормалары менен жөнгө салынат.
18. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставга ылайык чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык мүлккө ээ болот, пайдаланат жана тескейт.
Мүлктү пайдаланууга негиз болуп кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана уюштуруучунун менчиги болуп эсептелген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу эсептелет.
Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле Ишкананын балансында чагылдыруучу, анын түзүмүнө кирүүчү өндүрүштүк иштер үчүн зарыл болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
Ишканадан негизги фонддорду, жүгүртүлүүчү каражаттарды жана пайдаланылуучу мүлктү алып коюуга уюштуруучунун же соттун чечими боюнча гана жол берилет.
Ишкана негизги ишти аткаруу үчүн зарыл болгон негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттардын бөлүгүн Ишкананын айрым ведомстволук уюмдарына бекитип берүүгө укуктуу.
20. Ишкананын кирешесин түзүү булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чарба жүргүзүү укугунда ага уюштуруучу жана Министрлик өткөрүп берген мүлк;
- мамлекеттик заказдарды аткаруудан алынган кирешелер;
- юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чарбалык иштерден алынуучу кирешелер;
- акысыз жана кайрымдуулук взностору, юридикалык жана жеке жактардын кайрымдуулуктары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка укуктар.
21. Ишкана өзүнө чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары төгүүгө же башкача ыкмалар менен менчик ээсинин макулдугусуз ушул мүлктү тескөөгө укуксуз.
Чарба жүргүзүү укугунда Ишканага таандык башка мүлктү ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген учурларды кошпогондо, өз алдынча тескейт.
22. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин натыйжаларына ыкчам чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзөт, ведомстволук уюмдардын ишин контролдоону ишке ашырат.
23. Ишкана белгиленген тартипте өзүнүн финансылык, чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик органдарга берет.
24. Ишкананын ведомстволук уюмдары Ишканага белгиленген мөөнөттө финансылык жана статистикалык отчет беришет. Ишкананын, анын ведомстволук уюмдарынын топтомо балансын жана отчетун Директор бекитет жана тиешелүү мамлекеттик органдарга берилет.
25. Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жүргүзүүнү контролдоо Министрлик тарабынан ишке ашырат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Министрликтин чечими боюнча Ишкананын каражаттарынын эсебинен аудит өткөрөт.
26. Ишканада бухгалтердик отчеттун маалыматтарынын тууралыгына жооптуу, мамлекеттик менчикти уурдоолорду жашыруу максатында отчетту бурмалоого жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.
27. Ишкананы кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
28. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.