Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 10 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-июну УӨ №70
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №750 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасынын ишин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.
2. "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасынын ишине жалпы жетекчилик жүргүзүүнү жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ишке ашыраары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин алдындагы Балык чарбасы департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүлүшү менен байланышкан уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин;
- 2010-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине каралган бюджеттик ассигнованиелердин көлөмүнүн чегинде "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасын кармоо үчүн 2010-жылга чыгымдарды каржыласын.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы "Кыргыз балыгы" мамлекеттик ишканасын мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |