Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 1-июлундагы № 111
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларына, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өзгөчө абал мезгилинде акчалай үлүштү төлөө тартиби жөнүндө
Өзгөчө кырдаал шартында милдеттерди аткарып жаткан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларына, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кошумча кепилдиктерди камсыздоо максагында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймагында өзгөчө абал киргизилген калктуу конуштарда жана райондордо абалды жайгарууга катышкан, аскердик кызматтагы аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай камсыздоо маянасы үч эсе өлчөмдө төмөнкүдөй белгиленсин:
- аймагында өзгөчө абал жарыяланган калктуу конуштарда жана райондордо жайгашкан аскердик бөлүктөрдүн, аскер комиссариаттарынын аскер кызматчыларыма жана укук коргоо органдарынын бөлүктөрүнүн кызматкерлерине, - өзгөчө абал колдонулган мезгилде;
- аймагында өзгөчө абал жарыяланган калктуу конуштарга жана райондорго абалды жайгаруу үчүн кызматтык командировкага жиберилгендерге, ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн аскер кызматчылардан башкаларга - өзгөчө абалды колдонуу мезгилине командировкага жиберилген аскердик бөлүккө, укук коргоо органынын бөлүгүнө келген күндөн баштап.
2. Чакыруу боюнча анык аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларына 1-4-тарифтик разряддардагы аскердик кызмат орундар үчүн маяналар жана камсыздоонун ай сайын төлөнүүчү кошумча түрлөрү солдаттар жана сержанттар ээлөөгө тийиш болгон кызмат орундарында анык контракттык кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар үчүн каралган нормалар боюнча, тиркемеге ылайык белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын аймагында өзгөчө абал жарыяланган калктуу конуштарга жана райондорго, абалды жайгаруу үчүн кызматтык командировкага жиберилген аскер кызматчыларына акчалай камсыздоонун маянасы бир бүтүн ондон сегиз өлчөмдө - алар командировкага жиберилген аскердик бөлүккө келген күндөн баштап белгиленсин.
4. Мобилизация (толук эмес мобилизация) боюнча чакырылган жана кызмат орундарга дайындалган аскерге милдеттүүлөргө акчалай камсыздоонун маяналары төмөнкүдөй белгиленсин:
- аймагында өзгөчө абал жарыяланган калктуу конуштарда жана райондордо абалды жайгарууга катышкандарга - эки эсе өлчөмдө;
- резервдик батальондордо тургандарга - бир эсе өлчөмдө.
5. Ушул токтомго ылайык акчалай үлүштү эсептөөдө, бюджеттен тышкары булактардын каражаттарынын эсебинен каралган үстөк жана кошумча акылар эсепке алынбай тургандыгы белгиленсин.
6. Менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин жетекчилери аймагында өзгөчө абал жарыяланган калктуу конуштарда жана райондордо абалды жайгарууга катышкан аскерге милдеттүүлөрдүн эмгек акысын, пособиелерин жана иштеген орду же жашаган орду боюнча чектелген башка төлөмдөрүн сакташсын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдасын.
8. Бул токтом 2010-жылдын 11-июнунан баштап күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларына, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өзгөчө абал мезгилинде акчалай үлүштү төлөө тартиби жөнүндө» Токтомуна |
Мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчылары үчүн 6-баскыч торчосу боюнча тарифтик баскыч | Мөөнөттөн ашык аскер кызматтын аскер кызматчылары жана прапорщиктери үчүн 9-баскыч торчосу боюнча тарифтик баскыч |
1-тарифтик баскыч | 2-тарифтик баскыч |
2-тарифтик баскыч | 2-тарифтик баскыч |
3-тарифтик баскыч | 3-тарифтик баскыч |
4-тарифтик баскыч | 3-тарифтик баскыч |
5-тарифтик баскыч | 4-тарифтик баскыч |
6-тарифтик баскыч | 4-тарифтик баскыч |
Калдыксыз бөлүнүүчү өлчөмдү эсепке алуу менен акчалай камсыздандырууну төлөп берүүдө бюджеттик эмес каражаттардын эсебинен толук өлчөмдө бир айлык акчалай камсыздандыруу жана үстөк акысы жок бир айлык акчалай камсыздандыруунун калдыксыз бөлүнүүчү өлчөмү төлөнүп берилет.