Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы №81 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттик жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Агенттиктин максаттары жана милдеттери
III. Агенттиктин функциялары
IV. Агенттиктин укуктары
V. Агенттиктин ишин уюштуруу
VI. Мүлкү, эсепке алуу жана отчеттуулук
VII. Кайра уюштуруу же жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттик (мындан ары Агенттик) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өз алдынча ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет, ал атомдук жана радиациялык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик жөнгө салууну жүргүзөт.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйруктарын, тескемелерин, ушул жобону жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Агенттик өз ишин мамлекеттик башка органдар, эл аралык жана башка уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт.
4. Агенттик өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүүчү каражаттарга ээ. Ишти каржылоо тиешелүү жыл үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлөт.
5. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар мөөргө, штампка, Кыргыз Республикасынын казыналык системасындагы алыш-бериш эсебине ээ.
6. Агенттик 723500, Ош шаары, Муминов көчөсү, 11 дареги боюнча жайгашкан.
7. Уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
8. Атомдук жана радиациялык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу Агенттиктин максаты болуп эсептелет.
9. Агенттиктин милдеттери:
- атомдук жана радиациялык коопсуздук жаатында милдеттүү түрдө колдонула турган жана сактала турган талаптарды белгилеген техникалык регламенттерди жана башка нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- атомдук жана радиациялык коопсуздук маселелери менен иштеген уюмдардын ишин координациялоо;
- атомдук жана радиациялык коопсуздук жаатындагы коопсуздукту камсыздоого багытталган программаларды жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
10. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды жүргүзөт:
- калкты жана аймактарды радиациялык коркунучтан коргоо боюнча мамлекеттик программаларды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- эл аралык нормалардын жана эрежелердин сакталышына көзөмөл жүргүзөт, радиоактивдүү материалдарды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, пайдаланууда, сактоодо, ташууда жана радиоактивдүү калдыктарды колдонууда атомдук жана радиациялык коопсуздук жаатындагы уюмдардын ишине техникалык регламенттерге ылайык инспекциялоону жана баалоону жүргүзөт;
- радиоактивдүү материалдарды пайдалануудагы коопсуздук маселелери боюнча жана ядролук куралды жайылтпоо проблемалары боюнча башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты жүргүзүүгө катышат;
- калкты жана аймактарды радиациялык коркунучтан радиациялык коргоо жаатындагы билимди калк арасына жайылтат.
11. Агенттик өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- радиациялык коопсуздук жаатындагы көз карандысыз экспертизаларды өткөрүү үчүн илимий-изилдөөчү, долбоорлоо-иликтөөчү жана башка уюмдардын адистерин тартууга;
- радиациялык коопсуздук маселелери боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурууга;
- Агенттиктин иш чөйрөсүнө кирген маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдарынан жана ишканаларынан, кызмат адамдардан жана жарандардан суроого жана алууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүүгө;
- радиациялык коркунучту жаратуучу ишти токтотуу жөнүндө же радиациялык коркунуч болгон зонадагы калкка кабарлоо жана тиешелүү түрдөгү иштерди аткаруу тууралуу сунуштарды жана жазма буйруктарды мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга берүүгө;
- радиациялык коркунуч зонасындагы иштерде кырсыктардан жана кызматкерлердин каза болушунан милдеттүү түрдө камсыздандырууну жүргүзүүгө;
- таанып-билүү белгилери, сигнализация жана байланыш каражаттары менен белгиленген тартипте жабдылган атайын транспорттук каражаттарга ээ болууга;
- байланыш жана маалыматты берүү үчүн байланыштын республикалык системасын жана ведомстволук тармактары артыкчылыктуу тартипте пайдаланууга.
12. Агенттикти директор башкарат, аны Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
13. Директор:
- Агенттиктин ишин жетектейт;
- Агенттиктин атынан ишеним каты жок эле иштейт, бардык мекемелерде жана уюмдарда анын атынан чыгат;
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын толук жана сапаттуу аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин мүлкүн жана каражаттарын башкарат, финансылык-чарбалык ишти мыйзамга ылайык уюштурат;
- келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, казыналыктын системасында жана банк мекемелеринин бөлүмдөрүндө эсептерди ачат;
- Агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерин жана жумушчуларын Агенттиктин кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Агенттиктин кызматкерлерине тартип жазасын колдонот жана аларды сыйлайт;
- квалификациянын деңгээлин жогорулатуу максатында Агенттиктин адистерин даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктарды жүргүзөт.
14. Агенттиктин директорунун орун басарын жана башкы бухгалтерин Агенттиктин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
15. Агенттиктин мамлекеттик кызматчыларынын жана жумушчуларынын эмгек акысын төлөө формасы жана өлчөмдөрү эмгек акыны төлөөнүн белгиленген фондусунун чегинде мыйзамга ылайык белгиленет.
16. Мүлк Агенттикке оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет, ал иш максаттарга ылайык максаттык арналышы боюнча гана пайдаланылат.
17. Агенттикке бекитип берилген мүлктү ажыратуу же башка ыкма менен тескөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Агенттик статистикалык жана бухгалтердик эсепке алууну Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Негизги каражаттарды, тындырылбай турган карыздарды, келишимдеги иштерди токтотуу же жүргүзүлбөгөн (консервацияланган) өндүрүштөр боюнча чыгымдарды Агенттиктин балансындагы эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
20. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
21. Агенттик ишин токтоткон учурда документтер Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө мыйзамдарга ылайык сакталат жана пайдаланылат.