Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы №406 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-июну УӨ №81

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттик жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттик түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттиги жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2010-жыл үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттиктин уюштуруу, каржылык жана башка маселелерин чечсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р.Отунбаева