Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-июлу №119
2000-жылдын 8-майындагы № 256 «Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин билим берүү мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2000-жылдын 8-майындагы №256 «Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1.2-пункттун алтынчы абзацы алынып салынсын;
- 3.1-пунктта:
экинчи абзац «бюджеттик» деген сөздөн кийин «жана контракттык» деген сөздөр менен толукталсын;
сегизинчи абзац алынып салынсын;
- 4.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- башкаруу;
- ресурстук борборлор;».
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |