Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №122 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 9-июлу № 120
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна өзгөргүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 25 «Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигин түзүү жөнүндө» Декретине жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун 2-пунктунун бешиичи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- токтомдун 3-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин башкаруу схемасында:
«Жаштардын иштери боюнча департамент» жана «Жаштардын республикалык «Манас» сарайы» позициялары алып салынсын;
«Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция боюнча облустук, райондук, шаардык, райондор аралык борборлор» позициясы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен алмаштырылсын:
«Аймактык органдар»;
төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
«Этностук кыргыздарды, баш калка издеген адамдарды жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттары»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө жободо:
бардык текст боюнча «жаштар», «жаштар жана» деген сөздөр алып салынсын;
6-пункттун кырк жетинчи жана кырк сегизинчи абтацтары алып салынсын;
7-пункттун бешинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги менен өз ара аракетте» деген сөздөр алып салынсын;
7-пункттун алтынчы абзацы «аймактык органдарынын» деген сөздөрдөн кийин «жана этностук кыргыздарды, баш калка издеген адамдарды жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттарынын» деген сөздөр менен толукталсын;
7-пункттун он биринчи абзацындагы «жаштар,» деген сөз алып салынсын;
11-пунктта:
он үчүнчү абзац «органдардын жетекчилерин,» деген сөздөрдөн кийин «жана этностук кыргыздарды, баш калка издеген адамдарды жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттарынын жетекчилерин» деген сөздөр менен толукталсын;
жыйырманчы абзац «аймактык бөлүмдөрүнүн» деген сөздөрдөн кийин «жана этностук кыргыздарды, баш калка издеген адамдарды жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттарынын» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |