Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө ЖОБО
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120, 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169, 2011-жылдын 22-мартындагы №111, 2011-жылдын 3-июнундагы №284 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Министрликтин негизги милдеттери
3. Министрликтин функциялары
4. Министрликтин ыйгарым укуктары
5. Министрликтин ишин уюштуруу
6. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги (мындан ары - Министрлик) эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, анын ичинде кесиптик-техникалык билим берүү, жаштар, балдарды коргоо жана гендер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү жана башкарууну турмушка ашыруучу мамлекеттик бийликтин борбордук аткаруучу органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик, расмий жана англис тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын казна системасында жана агент-банктарында эсептери болот.
4. Министрлик өз ишин өзүнүн ведомствого караштуу уюмдары, аймактык органдары, чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү аркылуу аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана башка бирикмелер, ошондой эле уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан башка уюмдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
5. Министрликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
5.1. Экономиканын чөйрөлөрүндө эмгекке акы төлөө системасын өнүктүрүү;
5.2. Кызматкерлердин эмгектик укуктарынын кепилдиктерин эмгек мыйзамдары жана социалдык өнөктөр аркылуу камсыз кылуу;
5.3. Улуттук эмгек рыногундагы таламдарды эске алуу менен калктын иш менен камсыз болушун жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
5.4. Эл аралык эмгек рыногунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгектик укуктарын коргоо;
5.5. Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этникалык кыргыздарды жана мигранттардын башка категорияларын интеграциялоо үчүн зарыл шарттарды (чөйрөнү) түзүү;
5.6. Качкындардын укуктарын эл аралык милдеттенмелерге жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарын эске алуу менен камсыз кылуу;
5.7. Эмгек рыногундагы суроо-талапка ылайык кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү;
5.8. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гендердик теңчиликти камсыз кылуу.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
6. Министрлик жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын катышуусу менен эмгек, ишке орноштуруу, миграция, кесиптик-техникалык билим берүү, гендер чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктары боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- таламдаш министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен эмгек, ишке орноштуруу, миграциялык процесстерди жөнгө салуу, балдар жана гендер маселелерин чечүүдө эриш-аркак аракеттенет;
- министрликтин иш чөйрөсүндө мыйзам жана башка ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- министрликтин иш чөйрөсүндөгү социалдык, саясый процесстерди, алардын республикадагы социалдык-экономикалык жана саясый кырдаалдын абалына жана өнүгүшүнө тийгизген таасирин талдайт жана божомолдойт;
- министрликтин компетенциясына таандык маселелер боюнча чет өлкөлөрдүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар менен белгиленген тартипте консультацияларды, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эл аралык келишимдерди түзөт жана эриш-аркак аракеттенет.
- эмгек, ишке орноштуруу, миграция, балдар жана гендер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине көмөк көрсөтөт;
- аймактык органдар, ведомствого караштуу бөлүмдөр жана уюмдар, чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөр финансылык тартипти сакташын, материалдык жана акча каражаттарын максаттуу багытта пайдаланышын текшерет;
- министрликтин системасында финансы-чарбалык ишти пландаштырат, мониторинг жүргүзөт жана талдайт;
- министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтар банкын түзөт;
- министрликтин ишинин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда маалыматтык-түшүндүрүү ишти турмушка ашырат;
- эмгек, миграция жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө бюллетендердин долбоорлорун, ченемдик-укуктук актылардын жыйындыларын, усулдук сунуштарды жана башка басылма материалдарды иштеп чыгат;
- министрликтин ишинин маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана билдирүүлөрүн карайт;
- министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- министрликтин ишинин чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды өткөрүүгө мамлекеттик заказды жүзөгө ашырат;
- эмгек акыны төлөө жагында (Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын болгон зоналарында иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн минималдуу өлчөмдөрү) мамлекеттик кепилдиктерди жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
- кызматкерлерге коюлган талаптарга жана (же) иштин татаалдыгы боюнча квалификациялык топторго таандыктыгына жараша бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү жана экономиканын бюджеттен сырткаркы секторунда кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте эмгекке акы төлөө мамлекеттик саясатын калыптандыруу боюнча сунуштарды даярдайт;
- жумуштун жана жумушчулар кесибинин Бирдиктүү тарифтик-квалификациялык маалымдамасын, жетекчилер, адистер, кызматкерлердин жумуш орундарынын Бирдиктүү квалификациялык маалымдамасын иштеп чыгат жана бекитет;
- ишке орноштуруу, эмгекке акы төлөө жана эмгекке акы төлөөгө мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзамдарын сактоо боюнча усулдук жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- социалдык өнөктөштүктүн системасын өркүндөтүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгат жана эмгек мамилелери чөйрөсүндө социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- менчиктин формасына карабастан уюмдар менен ишканалардын кызматкерлерин атайын жекече коргоо каражаттары менен камсыз кылуу ченемдерин бекитет;
- эмгек, эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
- ишке орноштуруу, эмгекке акы төлөө жана эмгектик мамилелер боюнча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзамдардын сакталышынын маселелери боюнча усулдук жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, кесиптик бирликтердин эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу саясаты боюнча социалдык-эмгектик мамилелерин камсыз кылган чараларды (трипартизм принцибинин негизиндеги кызматташтык) иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- эмгек рыногунун индикаторлоруна талдоо, божомол, мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
- жумушсуз жарандарды эсепке алуу жана каттоо камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка орноштурууга контролдук боюнча ишти уюштурат;
- белгиленген тартипте иммиграциялык квоталарды, эмгектик иммиграцияга квоталарды жана кайрылмандарга квоталарды түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар эмгектик ишин жана ишкерлик ишин жүзөгө ашырууга укукка жана мыйзамдарда белгиленген тартипте чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын ишке орноштурууга укукка уруксатты берүүнү камсыз кылат;
- иштин чөйрөсүн тандоо, ишке орноштуруу, улуттук жана эл аралык эмгек рынокторунда суроо-талап кылынган кесиптерге кесиптик окутуу максатында жарандардын кесиптик багытын уюштурат;
- жумушсуздарды кесиптик окутууну жана кайра окутууну уюштурууга, жумушсуздарды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартууга, жумушсуздарга микрокредиттөөгө көмөк көрсөтөт;
- чет өлкөгө ишке орношуу максатында кетип жатышкан адамдарды кесиптик окутуу жана кайра окутууну уюштурууга көмөк көрсөтөт;
- белгиленген тартипте кесиптик даярдоо мезгилинде жумушсуздарга стипендия төлөйт;
- калктын чабал катмарына - аялдарга, майыптарга ишке орношууга көмөк көрсөтөт;
- эл аралык эмгек рыногунда негизги өнөктөш мамлекеттер менен эл аралык-келишимдик базаны иштеп чыгат, демилге кылат жана калыптандырат;
- кол коюлган эл аралык келишимдердин негизинде чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын эмгек ресурстарын пайдалануу боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле эл аралык эмгек рыногунун негизги өнөктөш - мамлекеттерде миграциялык кырдаалга мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
- мыйзамсыз миграция жана адамдарды сатууга каршы күрөшүүнү алдын-алуу боюнча иш-чараларда катышат;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу менен байланышкан иштин маселелери боюнча менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу, анын ичинде чет өлкөдө иш берүүчүлөрдү издөө жолу менен алардын тобу менен орун которуулар процессине көмөк көрсөтөт;
- чет өлкөдө убактылуу эмгектик ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү менен бирдикте коргоого катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында баш паанек издеген адамдын жана качкын статустарын берүү жөнүндө чечим кабыл алат, эсепке алууну, каттоону жүргүзөт;
- эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоону камсыз кылат;
- баштапкы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгууну, окутуунун инновациялык формаларын жана ыкмаларын иштеп чыгууну жана киргизүүнү уюштурат;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасында окутуунун сапатын жогорулатууну камсыз кылат;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120 токтомуна ылайык алынып салынды)
- (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120 токтомуна ылайык алынып салынды)
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- улуттук гендердик саясаттын артыкчылыктарын аныктоо жана милдеттерди түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
- гендердик чөйрөдө кырдаалды талдоо жана гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук аракеттенүү планынын иш-чараларынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
- кадрлардын гендердик балансын караган ченемдик укуктук актылардын аткарылышынын механизмдерин, ошондой эле гендердик маселелерди практикалык иште да, ошондой эле башкаруу ишинде да киргизүү механизмдерин өркүндөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120 токтомунун редакциясына ылайык, КР Өкмөтүнү 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
- бардык ведомствого караштуу бөлүмдөр жана уюмдар, аймактык органдар, чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөр аткарууга милдеттүү укуктук актыларды кабыл алууга;
- таламдаш министрликтер, администрациялык ведомстволор, эл аралык уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга;
- белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын министрликтин ишинин жагындагы мамлекеттик саясатын жүзөгө ашыруу үчүн тартууга;
- министрликтин борбордук аппаратынын жана аймактык органдарынын жана этностук кыргыздарды, баш калка издеген адамдарды жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттарынын жоболорун, түзүмүн, штаттык расписаниесин, чыгымдардын сметасын бекитүүгө;
- ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана уюмдардын, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдардын сметасын бекитүүгө;
- министрликтин Өнүктүрүү жана материалдык кубаттоо фондун ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн атайын каражаттарынын чегерүүлөрүнүн эсебинен түзүүгө;
- министрликтин ишинин жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын топтоо үчүн Атайын эсептерди ачууга;
- министрликтин системасынын кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын уюштурууга;
- эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, кесиптик-техникалык билим берүү, балдарды коргоо, гендер жана министрликтин компетенциясына кирген башка маселелер боюнча акысыз негизде маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинен алууга;
- бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырууга;
- конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө жана министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарнамалык-басылма ишин жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана министрликтин башка сыйлыктарын уюштурууга;
- милдеттерди жана функцияларды ойдогудай аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды жүзөгө ашырууга.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Министрлик борбордук аппараттан, ведомствого караштуу бөлүмдөрдөн жана уюмдардан, аймактык органдардан жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдөн турат.
Ведомствого караштуу бөлүмдөр, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Аймактык органдар жана ведомствого караштуу уюмдардын жоболору (уставдары) Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри тарабынан бекитилет.
Ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы №284 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Министрликке Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри (мындан ары - министр) жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду уюштурулган. Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо, бошотуу тартиби, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам менен аныкталат. Министр статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырууну жүктөй алат.
Статс-катчы министр менен макулдашуу боюнча:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ваканттык администрациялык мамлекеттик кызматка талапкерлерди дайындайт;
- администрациялык мамлекеттик кызматты ээлеген мамлекеттик кызматчыларды которууну жана ротациялоону ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-мартындагы №111 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Министрдин орун басарлары бар, алар министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге баш ийет жана аларга жүктөлгөн милдеттенмелердин жана ыйгарым укуктардын чегинде өз ишин жүзөгө ашырат.
11. Министр:
- министрликтин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын, башка мамлекеттердин мамлекеттик органдары, жана эл аралык уюмдар менен мамилелерде министрликтин атынан иш алып барат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча өкмөттөр аралык келишимдерге жана макулдашууларга жана башка документтерге кол коет;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана буюртмаларды, жана башка документтерди чыгарат;
- статс-катчы жана министрдин орун басарларынын ортосунда өз ыйгарым укуктарынын бөлүгүн бөлүштүрүүгө укуктуу;
- түзүмдүк, ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана аймактык ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрөт;
- министрдин орун басарларынын ыйгарым укуктарынын чөйрөсүн жана статс-катчы менен министрдин орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүнү аныктайт;
- борбордук Аппараттын, аймактык органдардын түзүмүн, штаттык санын жана чыгымдардын сметасын бекитет;
- ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана уюмдардын штаттык санын жана чыгымдардын сметасын бекитет;
- чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн түзүмүн, штаттык санын жана чыгымдардын сметасын бекитет;
- белгиленген тартипте борбордук аппараттын жетекчилерин жана кызматкерлерин, ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, башкы бухгалтерди статс-катчынын сунушу боюнча кызмат ордуна бошотот;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык аймактык органдардын жетекчилерин жана этностук кыргыздарды, баш калка издеген адамдарды жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттарынын жетекчилерин, жетекчилердин орун басарларын жана башкы бухгалтерди статс-катчынын сунушу боюнча кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- министрдин номенклатурасына кирген кызмат орундардын тизмесин, ошондой эле алардын функциялык милдеттерин аныктайт жана бекитет;
- министрликтин мамлекеттик кызматчыларынын чектелген саны боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
- министрликтин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселени чечет;
- белгиленген тартипте министрликтин мүлкүн башкарат жана каражаттарын тескейт;
- министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдары менен жамааттык келишимге кол коет;
- министрдин орун басарларын, ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин номенклатуралык кызмат орундарына ылайык кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу үчүн талапкерлер, ошондой эле коллегия мүчөлөрүнүн талапкерлери боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет;
- министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жана этностук кыргыздарды, баш калка издеген адамдарды жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттарынын жоболорун бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120 токтомунун редакциясына ылайык, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-мартындагы №111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Министрликте 9 кишиден турган коллегия түзүлөт, анын курамына кызмат орду боюнча министр (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, министрдин орун басарлары, ошондой эле Министрликтин системасынын башка кызматкерлери кирет. Коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамын (кызмат орду боюнча коллегиянын курамына киргендерден тышкары) министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Коллегиянын Жобосу жана ишинин регламенти министр тарабынан бекитилет.
13. Ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана уюмдардын, аймактык органдардын жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери алар жүзөгө ашырган ыйгарым укуктар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
14. Министрликтин чечимдери буйрук жана буюртма түрүндө чыгарылат.
15. Министрликти кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
16. Министрлик жоюлган учурда документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат.
|
|