Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы №169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

 

2008-жылдын 29-январы №26

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамынын өзгөрүшүнө жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-июнундагы №213 токтому менен мурда дайындалган Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевич Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамынан чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Исмаилов Мурат Аманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн бир жылдык мөөнөткө Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсү болуп дайындалсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

И.Чудинов