Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы №29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 18-августу №169
Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн бир жылдык мөөнөткө төмөнкүлөр дайындалсын:
- Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин камсыз кылуу маселелери боюнча);
- Мукамбетов Мурат Картайбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2007-жылдын 6-июлундагы №264 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2008-жылдын 29-январындагы №26 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому:
- 2009-жылдын 13-февралындагы №126 "Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |