Загрузка документа…
|
| |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 168 токтому менен бекитилген
| |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн РЕГЛАМЕНТИ
1. 2010-жылдын 27-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тексемелерине ылайык ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин уюштуруунун тартибин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
3. Өкмөт өзүнө баш ийген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишине, ошондой эле мамлекеттик ыйгарым укуктарды өзү берген учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жетекчилик кылат.
4. Өкмөт Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлик органдарынын бирдиктүү тутумуна башчылык кылуучу жана, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин компетенциясына таандык кылынган ыйгарым укуктарды албаганда, мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечүүчү коллегиялдуу орган болуп саналат.
5. Өкмөттүн иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, маалымдуулук жана ачыктык, адамдан жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, өз иши үчүн элдин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында жоопкерчилик принциптерине негиздемелери менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана ушул Регламентке ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Өкмөттүн ишинин негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Президенти) тарабынан аныкталат.
7. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин ишке ашырууну камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы (мындан ары - Президенттин Администрациясы) тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Кыргыз Республикасынын Президенти Өкмөттүн ишин уюштуруп, Өкмөттүн жыйындарын алып барып, Өкмөттүн мүчөлөрүнө, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерине тапшырмаларды берип, өзүнүн Өкмөткө тапшырмаларын контролдойт жана алардын аткарылышы боюнча жасалган иш жөнүндө отчетторун суратып алат.
9. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, тескемелеринин жана тапшырмаларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт Кыргыз Республикасында аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду жана тескемелерди чыгарат.
10. Өкмөт актыларды токтомдор жана тескемелер түрүндө чыгарат. Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары токтомдор түрүндө кабыл алынат. Шыр жана башка учурдагы маселелер боюнча ченемдик эмес мүнөздөгү чечимдер тескемелер түрүндө чыгарылат.
11. Өкмөттүн актыларына Кыргыз Республикасынын Президенти, ал эми ал жокто же анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри (мындан ары - вице-премьер-министр) же Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери (мындан ары - вице-премьер-министр) кол коюп, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте күчүнө кирет жана жарыяланууга жатат.
12. Өкмөт өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын уюштурат жана алардын аткаруу бийлик органдары тарабынан аткарылышына үзгүлтүксүз контролду жүзөгө ашырып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулууларын четтетүү боюнча чараларды көрөт.
13. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын жана Өкмөттүн чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу максатында Өкмөт өз жыйындарында Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволор менен аткаруу жана башка бийлик органдарынын жетекчилерин угуп, (Өкмөттүн компетенциясынын чегинде), көрсөтүлгөн органдардын ишине баа берип, аткаруу бийлик органдарынын актыларын жокко чыгаруу жөнүндө же колдонулушун токтотуу тууралу) чечимдерди кабыл алат.
14. Актылардын долбоорлору жана башка документтер Өкмөттүн кароосуна Президенттин Администрациясы аркылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери, ал эми алар жок учурда - алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан гана киргизилет.
15. Өкмөткө 14-пунктта көрсөтүлгөн талаптарды бузуу менен келип түшкөн кайрылуулар каралбастан кайтарылып берилет.
16. Өзгөчө кырдаалды, аскердик абалды киргизүү, табигый кырсыктардын же жаратылыштык апааттардын учурларын албаганда, республикалык бюджет тарабынан аларды финансылоо каралбаган иш-чараларды өткөрүүнү кошуп алганда бюджеттик каражаттарды кошумча бөлүп берүү жөнүндө өтүнүчтөр бар кайрылуулар менен каттарды Өкмөт карабайт.
17. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларын, Өкмөттүн башка чечимдерин кабыл алуу жөнүндө сунуштар камтылган Өкмөткө кайрылуулар министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка аткаруу бийлик органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарынын караштуулугунун чөйрөсүнө ылайык жиберилет. Көрсөтүлгөн органдар кайрылууларды иштеп чыгууну жүргүзүп, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алын, зарыл болгондо алар боюнча Өкмөттүн чечими талап кылынган актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Өкмөткө киргизет жана кароонун натыйжалары жөнүндө кайрылуучуларга маалымдайт.
18. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан өз алдынча чечилүүгө тийиш болгон маселелер боюнча Өкмөттүн токтомдору менен тескемелери кабыл алынбайт.
19. Өкмөттүн токтомдору менен тескемелери, Өкмөттө өткөрүлүүчү жыйындар менен кеңешмелердин протоколдору, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана вице-премьер-министрлердин Өкмөттө каралган документтер боюнча резолюциялары Президенттин Администрациясы тарабынан жол-жоболоштурулат жана жөнөтүлөт.
20. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка аткаруу бийлик органдарына Президенттин Администрациясынан чыккан тапшырмаларга Кыргыз Республикасынын Президенти, вице-премьер-министрлер, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси же анын орун басарлары кол коет.
21. Шыр, техникалык же уюштуруучулук-жол-жоболук мүнөзү бар документтерге тиешелүү түзүмдүк бөлүкчөнүн компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилери кол коет.
22. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн актыларында, Өкмөттө өткөрүлүүчү жыйындардын жана кеңешмелердин протоколдорунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин, вице-премьер-министрлердин жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин же анын орун басарларынын резолюцияларында камтылган тапшырмалардын аткарылышын контролдоо Президенттин Администрациясы тарабынан уюштурулат жана жүзөгө ашырылат.
23. Өкмөттүн иши жөнүндө маалыматка жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандардын, ошондой эле юридикалык жактардын жетүүсү жана Өкмөттө каралуучу маселелер менен материалдар тууралуу жалпы пайдалануудагы маалыматтарды маалыматтык тутумдарда жайгаштыруунун тартиби тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
24. Өкмөттүн ишин түздөн-түз уюштурууну Президенттин Администрациясы жүзөгө ашырат.
25. Өкмөттүн мүчөлөрү өз ишин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан өткөрүлүүчү, Өкмөт тарабынан түзүлүүчү координациялык жана кеңешүүчү органдардын иш-чараларына, ошондой эле Өкмөттүн мүчөлөрү үчүн милдеттүү болгон башка пландуу иш-чараларга катышуунун зарылдыгын эске алуу менен пландаштырат.
26. Өкмөттүн жыйындары зарылдыгына жараша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт.
27. Өкмөттүн жыйындарында кароо үчүн тиешелүү материалдарды даярдоо аларга жүктөлгөн мамлекеттик органдардын жетекчилери алардын даярдалышынын сапаты жана өз убагында берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
28. Өкмөттүн жыйынынын күн тартибинин долбоору Өкмөттүн ишин камсыз кылуучу Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары тарабынан жыйынга беш күн калгандан мурда түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Президенти менен биринчи вице-премьер-министрге тиешелүү материалдар менен берилет.
29. Кыргыз Республикасынын Президенти же анын тапшыруусу боюнча биринчи вице-премьер-министр тарабынан жактырылган Өкмөттүн жыйынынын күн тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар жыйын өткөрүлүүчү датага 2 күн калгандан кечиктирилбестен Өкмөттүн мүчөлөрүнө жана жыйындын ишке тиешеси бар катышуучуларына жиберилет. Өкмөттүн жыйынынын күн тартиби түздөн-түз жыйында бекитилет.
30. Өкмөттүн жыйынына мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле каралып жаткан маселеге түзөн-түз тиешеси бар башка уюмдардын жетекчилери чакырылат. Өкмөттүн жыйынына чакырылуучу адамдардын курамы Өкмөттүн ишин камсыз кылуучу Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары тарабынан каралып жаткан маселелерди даярдоого жооптуу мамлекеттик органдардын сунуштары боюнча аныкталат.
31. Өкмөттүн жыйынын уюштуруу-усулдук жана протоколдук камсыз кылуу Президенттин Администрациясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
32. Өкмөттүн жыйындарына Президенттин Администрациясынын каралуучу маселелер боюнча материалдарды даярдоону түздөн-түз жүзөгө ашыруучу кызматкерлери да чакырылат.
33. Эгерде ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышса, Өкмөттүн жыйыны укуктуу деп эсептелинет.
34. Өкмөттүн жыйындарында чечимдер Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо жыйынга төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
35. Өкмөттүн жыйымдарына Кыргыз Республикасынын Президенти же ал жокто биринчи вице-премьер-министр же вице-премьер-министрлердин бири төрагалык кылат.
36. Өкмөттүн жыйындарында күн тартибине киргизилген маселелер боюнча доклад менен Өкмөттүн мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери же алардын милдеттерин аткаруучу адамдар чыгып сүйлөйт.
37. Өкмөттүн мүчөсүнүн жыйында каралуучу маселе боюнча өзгөчө пикири жыйындын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
38. Өкмөттүн жыйынында доклад үчүн убакыт 15 мүнөткө чейинки, кошумча докладдар үчүн 10 мүнөткө чейинки, жарыш сөздөрдө чыгып сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейинки чектерде белгиленет. Мында төрагалык кылуучунун чечими боюнча жыйналышка белгиленген убакыт узартылышы мүмкүн.
39. Өкмөттүн жабык жыйындарын (айрым маселелерди жабык талкуулоодо) өткөрүүдө материалдарды даярдоо, жыйынга киргизүү, протоколдорду жана кабыл алынуучу актыларды жол-жоболоштуруу жашыруун документтер менен иштөөнүн жана жашыруундуулук режиминин белгиленген эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
40. Кийинкиге калтырууга болбогон же аларды Өкмөттүн жыйынында талкуулоо зарылдыкты пайда кылбаган айрым маселелер боюнча Өкмөт тарабынан чечимдер жыйын өткөрбөстөн, шыр тартипте кабыл алынышы мүмкүн. Мындай учурларда Өкмөттүн актыларынын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен шыр тартипте макулдашылып, ага бул маселени жетектөөчү вице-премьер-министр милдеттүү тартипте виза коет.
41. Президенттин Администрациясы белгиленген тартипте:
- Өкмөттүн жыйындарында каралууга тийиш болгон маселелер жана материалдар жөнүндө маалыматтарды жалпы маалымдоо каражаттарына берет;
- жыйындар аяктагандан кийин жыйындарда каралган маселелер боюнча Өкмөттүн мүчөлөрүнүн пресс-конференцияларын (брифингдерин) уюштуруп, жыйындарда каралган маселелер жөнүндө жана ал маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарга маалымдоону камсыз кылат.
42. Өкмөттүн жыйындарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу жана кино-, видео- жана фототартууларды, ошондой эле үн жазууларды жүргүзүү Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан аныкталуучу тартипте уюштурулат.
43. Өкмөттүн жыйындарында кабыл алынган чечимдер протокол менен жол-жоболоштурулат жана мындай чечимдерге Өкмөттүн мүчөлөрүнүн виза коюусу талап кылынбайт. Мында Өкмөттүн жыйынында кабыл алынган чечим ал кабыл алынган жыйынды өткөрүүнүн датасы менен жол-жоболоштурулат. Өкмөттүн жыйынга протоколу Президенттин Администрациясы тарабынан жыйын аяктагандан кийин үч жумушчу күндөн кечиктирилбестен жол-жоболоштурулуп, ага жыйынга төрагалык кылуучу кол коет жана Өкмөттүн мүчөлөрүнө, ошондой эле мамлекеттик органдарга, уюмдар менен кызмат адамдарына жиберилет.
44. Алар боюнча сунуштар жана сын-пикирлер айтылган Өкмөттүн токтомдору менен тескемелеринин, жыйында каралган башка актылардын долбоорлорун жеткире иштөө зарыл болгон учурда, Өкмөт берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмаларды берет. Эгерде иштеп чыгуунун мөөнөтү атайын айтылбаса, анда ал 5 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
45. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, тескемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Өкмөткө тапшырмаларынын аткарылышын уюштуруу максатында Өкмөттүн актылары чыгарылып, вице-премьер-министрлер, Президентинин Администрациясынын Жетекчиси же анын орун басарлары тарабынан министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка аткаруу бийлик органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмаларды берип, алар аткарууну уюштурат.
46. Бул тапшырмалардын мөөнөтүндө аткарылышын контролдоо Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүкчөлөрүнө жүктөлүп, алар ал тапшырмаларды аткаруучуларга шыр жеткирүү максатында аларды факсимилдик байланыштын жардамы же телефонограмма менен бериши мүмкүн. Мындай учурларда аткаруу мөөнөтүнүн башталышы аткаруучу факсимилдик байланыштын жардамы же телефонограмма менен алынган маалыматтарды алган жана каттаган күндөн тартып белгиленет.
47. Аткаруучуларга тапшырмаларды жеткирүү Президенттин Администрациясы тарабынан 2 күндүк мөөнөттө, ал эми шашылыш жана шыр тапшырмаларды токтоосуз, бирок аларга кол коюлган учурдан тартып бир күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен камсыз кылынат.
48. Өкмөттүн актылары жана жыйындарынын протоколдорунда камтылган тапшырмалар аткаруучуларга актынын жана протоколдун көчүрмөсүн жиберүү жолу менен жеткирилет.
49. Эгерде тапшырма бир нече мамлекеттик органдарга берилсе, анда "уюштуруу" деген сөз менен белгиленген мамлекеттик органдын жетекчиси тапшырманын негизги аткаруучусу болуп саналып, анын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат жана ишти уюштурат. Кошумча аткаруучулар жооптуу аткаруучу болуп саналган, ага уюштуруу бекитилген мамлекеттик органга тиешелүү органдын жетекчиси (анын орун басары) кол койгон сунуштарды тапшырманы аткарууга бөлүнгөн мөөнөттүн биринчи жарымынын ичинде берет.
50. Кыргыз Республикасынын Президенти берген тапшырмалардын Өкмөт тарабынан аткарылышынын натыйжалары жөнүндө биринчи вице-премьер-министр же анын тапшыруусу боюнча вице-премьер-министрлердин бири кол койгон тиешелүү доклад даярдалып, ал Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
51. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруу үчүн берилген Өкмөттүн тапшырмасынын негизги аткаруучусу тапшырманын аткарылышы жөнүндө докладды биринчи вице-премьер-министрге же вице-премьер-министрлерге, эгерде вице-премьер-министрдин же вице-премьер-министрдин тапшырмасында башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген мөөнөт аяктаганга 5 күн калганда Кыргыз Республикасынын Президентине докладдын долбоорун тиркөө менен берет.
52. Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан биринчи вице-премьер-министрге же вице-премьер-министрлерге жана бир эле мезгилде аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерине тапшырмалар берилсе, анда кошумча тапшырма берилбеши мүмкүн, ал эми аткаруу жөнүндө доклад Кыргыз Республикасынын Президентине докладдын долбоорун жана башка зарыл материалдарды тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин 5 күн калганда берилет.
53. Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан министрге, мамлекеттик комитеттин төрагасына, администрациялык ведомствонун жетекчисине же аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисине түздөн-түз тапшырма берилсе, же болбосо эгерде Өкмөттүн карамагындагы маселелер боюнча тапшырма министрге, мамлекеттик комитеттин төрагасына, администрациялык ведомствонун же башка аткаруу бийлик органынын жетекчисине берилсе, көрсөтүлгөн органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президентинен алынган тапшырма жөнүндө биринчи вице-премьер-министрге токтоосуз доклад жасап, ал эми аткарылгандан кийин анын тапшырмаларынын аткарылгандыгы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине бир мезгилде берүү менен бул жөнүндө биринчи вице-премьер-министрге доклад берет.
54. Өкмөттүн кароосуна киргизилүүчү ар бир маселе боюнча чечимдин так туюндурулган долбоору, коштомо кат, макулдашуу барактары, маселенин маңызы баяндалган справка, зарыл эсептөөлөр, сунуш кылынуучу чечимдерди ишке ашыруунун социалдык-экономикалык, финансылык жана башка натыйжаларынын негиздемеси жана божомолу берилет. Справкаларга долбоордун иштеп чыгуучусу болуп саналган мамлекеттик органдын жетекчиси кол коет.
55. Документтер мамлекеттик жана расмий тилдерде "Times New Roman" шрифти менен, 1,5 интервал аркылуу маалыматты электрондук алып жүрүүчүдөгү текст менен пакетте берилет.
56. Өкмөттүн кароосуна киргизилүүчү актылардын долбоорлорунун тексттери фамилиясын жана датасын көрсөтүү менен мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
57. Актынын долбоорунун текстинин көлөмү машинада терилген он беттен ашып кеткен учурда документтин арткы бетине штамптарды коюуга жол берилет.
58. Өкмөттүн кароосуна киргизилгенге чейин актылардын долбоорлору алардын ишинин чөйрөсүнө таандык кылынган маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
59. Өкмөттүн мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жүйөлүү себептер боюнча болбогондо чечимдердин долбоорлору статс-катчылар же жетекчилердин биринчи орун басарлары (орун басарлары) менен макулдашылып, алар өз койгон колдорун фамилиясын жана датасын көрсөтүү менен "министр (жетекчи) болбогондо" деген эскертүү менен коштойт.
60. Мамлекеттик органдарда актылардын долбоорлорун макулдашуу алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
1) мыйзамдардын жана декреттердин долбоорлору - 7 жумушчу күнгө чейин;
2) жарлыктардын жана токтомдордун долбоорлору - 5 жумушчу күнгө чейин;
3) тескемелердин долбоорлору - 5 жумушчу күнгө чейин.
Актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган иштеп чыгуучуга жооптун төмөнкү варианттарынын бирин берүүгө тийиш:
1) актынын долбоору сын-пикирлерсиз (сунуштарсыз) макулдашылган;
2) актынын долбоору сын-пикирлер (сунуштар) менен макулдашылган;
3) актынын долбоорун макулдашуудан баш тартылган (долбоорго виза коюлган эмес). Мында макулдашуудан баш тартуунун жүйөсү менен жетекчи же статс-катчы, же биринчи орун басар (орун басар) кол койгон кат тиркелет.
Эгерде актыны мамлекеттик органда макулдашуу жогоруда белгиленген мөөнөттөн ашып кетсе жана иштеп чыгуучуга жооп же негиздүү себептер боюнча экспертизанын мөөнөтүн узартуу жөнүндө сунуш берилбесе, анда актынын долбоору ал мамлекеттик орган менен сын-пикирлерсиз макулдашылды деп эсептелинет.
61. Эгерде актынын долбоору сын-пикирлер менен макулдашылса, мамлекеттик орган - иштеп чыгуучу өзү макул болгон сын-пикирлерди четтетип, долбоордун биротоло вариантын даярдайт жана аны кайталап макулдашууга жиберет.
62. Макулдашууга актылардын долбоорлорунун баары мамлекеттик жана расмий тилдерде берилүүгө тийиш. Макулдашуунун жол-жобосун шыр тартипте жүргүзүү зарыл болгон учурда актылардын долбоорлору расмий тилде жиберилет.
63. Актылардын долбоорлору Өкмөткө киргизилгенге чейин төмөнкүлөр менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги менен;
- мамлекеттин кирешелерин кыскартууну же чыгымдарын көбөйтүүнү караган маселелер боюнча - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен;
- Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көпчүлүгү менен;
- тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин ишинин чөйрөсүнө таандык кылынган маселелер боюнча - Өкмөттүн мүчөлөрү менен;
- ал органдардын ишинин чөйрөсүнө таандык кылынган маселелер боюнча - башка мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен;
- зарыл болгондо - башка уюмдар менен.
Алар менен кошумча макулдашуу талап кылынган органдар менен уюмдардын курамы долбоорду киргизген аткаруу бийлик органынын жетекчиси тарабынан өз алдынча, ошондой эле биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси же анын орун басарлары тарабынан аныкталат.
64. Актынын долбоору Өкмөттүн кароосуна макулдашуу кеңешмесинин протоколу жана/же пикир келишпөөчүлүктөрү бар тиешелүү жетекчилер же алардын орун басарлары кол койгон пикир келишпөөчүлүктөрдүн түп нускалары менен бирге гана киргизилиши мүмкүн.
65. Пикир келишпөөчүлүктөр менен киргизилген актылардын долбоорлору жөнүндө, ошондой эле алардын үстүндө Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарлары же Администрациянын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчиси менен андан ары иштөө боюнча сунуштар тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине, Президенттин Администрациясынын Жетекчисине же вице-премьер-министрлерге белгиленген тартипте маалымдалууга тийиш.
66. Президенттин Администрациясынын Өкмөттүн актысын кол коюуга даярдоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүкчөлөрү өз ара алгылыктуу чечимдерди издөө максатында болгон пикир келишпестиктерди тиешелүү мамлекеттик органдар менен талкуулоону камсыз кылууга укуктуу.
67. Өкмөттүн мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн актынын долбоору боюнча макулдугу болбогон өзгөчө учурларда бул долбоор Өкмөттүн жыйынына киргизилет. Пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча биротоло чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынат.
68. Президенттин Администрациясы министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомство жана башка мамлекеттик органдар тарабынан Өкмөттүн кароосуна киргизилген актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө жана редакциялоого укуктуу.
69. Президенттин Администрациясы тарабынан жеткире иштелип чыккан жана аны жеткире иштеп чыгуунун жүрүшүндө киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолорду камтыган актылардын долбоору иштеп чыккан министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери менен, ал жок учурда статс-катчы же жетекчинин биринчи орун басары менен эки жумушчу күндүн ичинде макулдашылууга (виза коюлууга) тийиш.
70. Макулдашуу жумушчу тартипте актынын долбоорунун текстин парафирлөөнүн (кол коюунун) жардамы менен жүзөгө ашырылат.
71. Ушул Регламент менен белгиленген тартипте Өкмөттүн кароосуна киргизилген, алар боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими талап кылынган актылардын долбоорлорун Өкмөттүн кароосуна даярдоо Президенттин Администрациясы тарабынан төмөнкү мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат:
1) тескеменин долбоору - 5 жумушчу күндөн ашырбастан;
2) токтомдун жана Жарлыктын долбоору - 10 жумушчу күндөн ашырбастан;
3) мыйзамдардын жана декреттердин долбоорлору - 10 жумушчу күндөн ашырбастан.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү узартууга Өкмөттүн жетекчилигинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин же анын орун басарларынын чечими боюнча гана жол берилет.
72. Актыларды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөттүн, вице-премьер-министрлердин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жана анын орун басарларынын тапшырмаларын аткарылышын контролдоо боюнча, ошондой эле республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн келечектеги милдеттерин иштеп чыгуу, талдоо материалдарын, Өкмөттүн токтомдору менен тескемелеринин долбоорлорун, премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин тескемелерин даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жүзөгө ашырат.
73. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзү тейлеген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациянын ведомствонун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын коллегия мүчөсү катары коллегиянын жыйналыштарына катышууга;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен башка мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Өкмөттүн токтомдорун, тескемелерин, Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин тескемелерин, вице-премьер-министрлердин тапшырмаларын аткарышы жөнүндө маалыматтарын угууга жана тартипсиздикке жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартуу тууралуу сунушту Өкмөттүн жетекчилигине киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, вице-премьер-министрлердин, Президенттин Администрация Жетекчисинин же анын орун басарларынын тапшырмасы боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын алдына коюлган милдеттерди аткаруу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, текшерүүнүн натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин же вице-премьер-министрлердин кароосуна күнөөлүүлөрдү ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Өкмөттүн жетекчилигине Премьер-министрдин жана Өкмөттүн номенклатурасына кирген министрликтердин, мамлекеттин комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчи кадрларын тандоо жана кызматка коюу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Президенттин Администрациясынын бөлүмдөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл болгон маалыматты министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринен суратып алууга.
74. Зарыл болгондо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери Президенттин Администрациясына жетишилген натыйжаларды жана белгиленген чараларды көрсөтүү менен эл аралык уюмдардын, компаниялардын, фирмалардын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн, кеңешмелердин, жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча протоколдорду, маектешүүнүн жазмаларын берет.
75. Комиссиялар же уюштуруу комитеттери деп аталуучу координациялык органдар белгилүү бир чөйрөнүн милдеттерин чечүүдө аткаруу бийлигинин ишке тиешеси бар органдарынын макулдашылган аракеттерин камсыз кылуу үчүн Өкмөттүн же Премьер-министрдин чечими менен түзүлөт.
76. Кеңеш деп аталган кеңешүүчү органдар сунуш мүнөзүндөгү маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча сунуштарды даярдоо үчүн Өкмөттүн же Премьер-министрдин чечими менен түзүлөт.
77. Координациялык жана кеңешүүчү органдардын компетенциясы, ошондой эле чечимдерди кабыл алуунун тартиби алар жөнүндө жоболордо же аларды түзүү жөнүндө чечимдерде аныкталат.
78. Материалдарды жана актылардын долбоорлорун шыр жана сапаттуу даярдоо үчүн координациялык жана кеңешүүчү органдар өз чечимдери менен жумушчу топ түзө алат.
79. Эгерде мыйзамдарда же Өкмөттүн актыларында башкача каралбаса, координациялык органдар өз компетенциясына ылайык кабыл алган чечимдер аларда көрсөтүлгөн бардык мамлекеттик бийлик органдары үчүн милдеттүү болуп саналат.
80. Убактылуу комиссиялар жана жумушчу топтор мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары жана тапшырмалары, Өкмөттүн тескемелери менен каралаган учурларда түзүлөт.
81. Убактылуу комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү, өзгөртүү жана жоюу, алардын компетенциясын аныктоо, жетекчилерин жана жеке курамын бекитүү Өкмөттүн же Премьер-министрдин чечими менен жүзөгө ашырылат.
82. Уюштуруу комитеттери жалпы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды белгиленген мөөнөттө өткөрүү үчүн түзүлөт.
83. Уюштуруу комитеттерине түзүүнү, өзгөртүүнү жана жоюуну, алардын компетенциясын аныктоону, жетекчилерин жана жеке курамын бекитүүнү Өкмөт жүзөгө ашырат.
84. Уюштуруу комитеттерине, эреже катары, министр же министрдин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары башчылык кылат. Уюштуруу комитеттерин жетектөө теңтөрагага да жүктөлүшү мүмкүн.
85. Ведомстволор аралык комиссиялар менен кеңештер тармактар аралык маанидеги маселелерди чечүү же кароо үчүн түзүлөт.
86. Ведомстволор аралык комиссиялар менен кеңештерди түзүү, өзгөртүү жана жоюу алардын компетенциясын аныктоо, жетекчилерин жана жеке курамын бекитүү, эреже катары, аткаруу бийлигинин ишке тиешеси бар органдары тарабынан биргелешип жүзөгө ашырылат.
Көрсөтүлгөн аткаруу бийлик органдарынын биргелешкен чечимдери буйрук же тескеме менен жол-жоболоштурулат жана аларга ошол органдардын жетекчилери кол коет.
87. Ведомстволор аралык комиссиялардын же кеңештердин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу жетекчиси же жетекчисинин орун басары комиссиянын же кеңештин төрагасы болуп саналган аткаруу бийлик органына жүктөлөт.
88. Ведомстволор аралык комиссиялардын жана кеңештердин түзүлүшү жана жоюлушу жөнүндө, ошондой эле ишинин жылдык жыйынтыгы тууралуу алардын төрагалары Өкмөткө доклад берип турат.
89. Өкмөттүн токтомдорун жана тескемелерин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу түрүндө жүргүзүлөт.
90. Өкмөт мурда кабыл алган чечимге расмий чечмелөө (түшүндүрүү) камтылган ченемдик укуктук актынын долбоору Өкмөттүн чечиминин долбоорун иштеп чыккан аткаруу бийлигинин органы тарабынан Президенттин Администрациясына киргизилет.
Ченемдик укуктук актынын долбооруна тиешелүү чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) даярдаган мамлекеттик органдын жетекчиси, Юстиция министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле ишке тиешеси бар министрликтин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана уюмдардын жетекчилери милдеттүү түрдө виза коет.
91. Расмий чечмелөө (түшүндүрүү) камтылган Өкмөттүн ченемдик укуктук актысынын долбоору Президенттин Администрациясы тарабынан жол-жоболоштурулат жана ушул Регламент менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө чыгарууга даярдалат.
92. Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жарандарды кабыл алуусу Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилүүчү график боюнча жуманын белгиленген күнү жүргүзүлөт.
Кабыл алууга жазылууну жана жарандарды кабыл алууну уюштуруу Президенттин Администрациясы тарабынан камсыз кылынат.
93. Жарандарды кабыл алуунун натыйжалары боюнча чечимдердин аткарылышын уюштуруу каралган маселе компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
94. Жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
95. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы менен өз ара аракеттенип, соттордун ишин финансылоону камсыз кылуу бөлүгүндө республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгат.
96. Пикир келишпестиктерди четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директору соттордун ишин финансылоону камсыз кылуу бөлүгүндө республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун талкуулоого катышат.
97. Пикир келишпестиктер болгон учурда Өкмөт республикалык бюджеттин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушун киргизет жана өз корутундусун тиркейт.
98. Кыргыз Республикасынын тиешелүү соту тарабынан мыйзамдар же алардын айрым жоболору конституциялык эмес деп табылган учурда, Өкмөт өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган чараларды көрөт.
99. Кыргыз Республикасынын тиешелүү соттору тарабынан Өкмөттүн актылары же алардын айрым жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык келбейт деп табылган учурда, Өкмөт көрсөтүлгөн актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Соттордун чечимдери Өкмөт тарабынан Өкмөттүн тиешелүү актылары жөнөтүлгөн бардык органдар менен уюмдарга токтоосуз кабарланат.
100. Өкмөткө, Премьер-министрге карата доо же башка талап менен сотко кайрылуу болгон учурда Президенттин Администрациясы Өкмөттүн соттогу кызыкчылыктарына өкүл болуу үчүн тиешелүү аткаруу бийлик органына тапшырма жиберет.
101. Өкмөттүн сотто кайрылуусу зарыл болгон учурда пайда болгон талашты чечүү үчүн Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемеси же тапшырмасы менен Президенттин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүкчөсүнө же аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарына (арыз берилген талаптардын мүнөзүнө жараша) тиешелүү доо же башка талаптарды коюуну жана сотто Өкмөттүн кызыкчылыктарына өкүл болууну тапшырат.
102. Кыргыз Республикасынын бардык сот инстанцияларындагы соттук жыйындарда Өкмөттүн жана Премьер-министрдин кызыкчылыктарына өкүлдүн Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси менен белгиленген ыйгарым укуктарын аныктап, ишеним кат берүү укугу Президенттин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
103. Сотто Өкмөттүн кызыкчылыктарына өкүл болуу үчүн ишеним кат Президенттин Администрациясынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана башка аткаруу бийлигинин башка органдары менен аларга караштуу органдардын (борбордук аппарат, аймактык жана башка органдар) штатында турган адамдарга же ишке тартылган адвокаттарга берилиши мүмкүн.
104. Өкмөттүн өкүлү болуп саналган аткаруу бийлик органы сотто иштин каралышынын натыйжалары жөнүндө соттун чечимдерине даттануу үчүн Өкмөткө Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттө маалымдоого милдеттүү.
105. Өкмөткө карата коюлган талаптар (Кыргыз Республикасынын карыздык милдеттенмелерине байланышкан доо же башка талаптардан тышкары) сот тарабынан канааттандырылган учурда, аткаруу бийлигинин тиешелүү органы белгиленген тартипте кабыл алынган чечим жөнүндө токтоосуз түрдө баяндап, соттун чечимине даттануу жөнүндө, ал эми соттун чечими күчүнө кирген учурда - аны аткаруу чаралары тууралуу сунуш киргизет.
106. Эгерде сот процессинин жүрүшүндө кийинкиге калтырууга болбогон жагдайлар пайда болбосо, Кыргыз Республикасынын карыздык милдеттенмелерине байланышкан Өкмөткө карата коюлган доо же башка талаптардын сотто каралышынын натыйжалары жөнүндө маалымат Өкмөткө отчеттук жарым жылдыкта каралган бардык иштер боюнча январдан же июлдан кечиктирилбестен берилет.
107. Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө пайда болуучу документтер жана материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат.